Режеп Эрдоган менен Орхан Инандынын чогуу түшкөн сүрөтү интернетке тарады

12 июля 2021 Режеп Эрдоган менен Орхан Инандынын чогуу түшкөн сүрөтү интернетке тарады

Инандынын үй-бүлөсүнүн жактоочусу Таалайгүл Токтакунова Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инандынын архивдик сүрөтүн жарыялады.

Юристтин айтымында, сүрөт 2011-жылы Түркиядагы элчиликте тартылган.

Кадрда Эрдоган ортодо креслодо отурганын, Инанды оң жактагы биринчи катарда турганын көрүүгө болот. Анда Түркиянын өлкө башчысы премьер-министр болчу.

"Саясатта эки дос урушуп, анан кимиси күчтүүрөөк болсо экинчиси кылмышкер болуп калат эмеспи... Сасыган саясаттын артынан жөнөкөй адамдар кор болгону жаман", — деп жазган Токтакунова.


sputnik