Монополияга каршы мамлекеттик агенттик борбор калаадагы супермаркет, базарлардын сатуучуларынын арасында кумшекер менен суу майдын баасын ылдыйлатуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Агенттик 1-июлдан тарта кумшекер менен суу майга салынуучу кошумча нарк салыгы алынганын маалымдады. Мындай чечим азык-түлүктүн баасын турукташтыруу үчүн кабыл алынып, 31-августка чейин иштейт.
"Агенттиктин жетекчилиги менен кызматкерлери Бишкектин бир катар базарларында ("Азиз", "Дордой-Моторс", "Ош", "Орто-Сай") болуп, сатуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Аларга буйруктун негизинде иш алып баруу зарылдыгын айтышты. Мындан сырткары, кызматкерлер күнүмдүк тиричиликте керек болгон азык-түлүктүн бааларын билип, базарга келгендер жана сатуучулар менен пикир алышты", — деп айтылат маалыматта.
Сатуучуларга кумшекер менен суу майдын баасын негизсиз көтөрүүгө болбой тургандыгын жана алардын үстүнө кошуп соодалоодо эң көп деп көрсөтүлгөн ченемден ашырбоо зарылдыгын түшүндүрүшкөн.
Мамлекеттик агенттик ири соода тармактар жана борбордук базарлар менен иш алып барып, күнүмдүк жашоодо көп колдонулган азыктардын баасын түшүрүү боюнча иш жүргүзүп жаткандыгы айтылды.
Маалыматта мындай багыттагы иштер республика боюнча жүргүзүлүп жатканы кабарланды.