Ошто жеңишке жеткен партияларга канча мандат тиет. Болжолдуу тизме

11 июля 2021 Ошто жеңишке жеткен партияларга канча мандат тиет. Болжолдуу тизме

Алдын ала жыйынтыкка ылайык, Ош шаардык кеңешине өткөн партияларга канча мандат берилери белгилүү болду.

Автоматтык эсептөөчү урнанын санагы боюнча төрт партияга мандат тиет:

  • "Ата-Журт Кыргызстан" — 38,14 пайыз (18 мандат);
  • "Биздин Кыргызстан" — 32,17 пайыз (15 мандат);
  • "Улуттар биримдиги" — 15,43 пайыз (8 мандат);
  • "Бир бол" — 8,92 пайыз (4 мандат).

Белгилей кетсек, бул алдын ала жыйынтык болуп саналат. Мандаттардын бөлүштүрүлүшү дагы өзгөрүшү мүмкүн. Материал добуштардын 93,59 пайызы санап бүткөн учурда даярдалды.

Ош шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн сегиз партия ат салышты. Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат.

sputnik