Бишкекте алдыда бараткан 6 партия мандатты кандай бөлүшөт. Алдын ала эсептөө

11 июля 2021 Бишкекте алдыда бараткан 6 партия мандатты кандай бөлүшөт. Алдын ала эсептөө

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык кеңешине өткөн партиялар канча мандат алары белгилүү болду.

Автоматтык эсептөөчү урнанын берген маалыматына ылайык, мандат алты партияга бөлүнөт:

  • "Эмгек" — 18,35 пайыз (11 мандат);
  • "Ата-Журт Кыргызстан" — 14,09 пайыз (9 мандат);
  • "Ишеним" — 12,54 пайыз (8 мандат);
  • "Ынтымак" — 10,63 пайыз (7 мандат);
  • "Социал-Демократтар" — 8,17 пайыз (5 мандат);
  • "Өнүгүү-Прогресс" — 8,01 пайыз (5 мандат).

Белгилей кетсек, бул алдын ала жыйынтык болуп саналат. Мандаттардын бөлүштүрүлүшү дагы өзгөрүшү мүмкүн.

Азыркы тапта АСУ добуштардын 91,23 пайызын санап бүттү. 


sputnik