“Активдүүлүктү жактырам!” – “Чабандес” аялдар тууралуу эркектердин ачык 7 пикири

9 июля 2021 “Активдүүлүктү жактырам!” – “Чабандес” аялдар тууралуу эркектердин ачык 7 пикири

Сексте аялдар эркектердин үстүндө чабандес болгон поза эң мыкты позалардын бештигине кирет. Көпчүлүк аялдардын оргазмга жетүүсү үчүн жөн эле эркек мүчөсүн кынга киргизип коюусу аздык кылат. Ал эми аял эркектин үстүндө болсо, клиторду кыймылдын же атайын оюнчуктардын жардамы менен дүүлүктүрсө болот. А эркектерге аялдар үстүндө болгон позанын эмнеси жагат? Жашыруун сурамжылоонун жыйынтыгын сунуштайбыз.

“Аялдардын эркектин үстүндө туура отуруусунан көп нерсе көз каранды. Аны айткандын ордуна көрсөтүп берген жеңил болот. Кыймылдын алдыга-артка сүргүлөнбөй, киргизип-чыгарылышы маанилүү”, дейт Эркин, 30 жаш.

“Аялдын атка минген сыяктуу отуруп алганы жакпайт. Менин денеме денесин тийиштирип жатканын жактырам”, дейт Айбек, 24 жаш.

“Аял кырдаалды толук колго алып, ишин бүтүрө бергенин жактырам. Мен болсо астында рахат алып жаткым келет”, дейт Эрбол, 28 жаш.

“Мага активдүү кыймылдар жагат. Бирок, эмне кылып жатканын түшүнүшү керек. Байкабай мүчөмдү сындырып алабы деп корком”, дейт Тынчтык, 33 жаш.

“Шышылбай жай кылмылдаган, бирде албууттанып, алкынып кеткен учурлар жагат. Аялымды белинен кармап, процесске катышуу маанилүү”, дейт Мирлан 32 жаш.

“Аялымдын жанбашын тегерете кыймылдатканы жагат. Мында жыныстык катнаш узакка созулат”, дейт Урмат 28 жаш.

“Мен өзүм үстүндө болуп, үстөмдүк кылганды жактырам”, дейт Бекзат, 30 жаш.