Абайлагыла! Ташиев бийликти сындагандарга эскертүү берген видео

9 июля 2021 Абайлагыла! Ташиев бийликти сындагандарга эскертүү берген видео

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда президентти баш кылып бийлик өкүлдөрүн сындагандар жоопкерчиликке тартылат деген эскертүү берди. 

Анын айтымында, айрым саясий күчтөр коомчулукту радикалдаштырууга аракеттенип, кээ бири төңкөрүш кылууга чакырыктарды жасап жатат.

ВИДЕО

"Интернетте калп эле кыйкырып, мамлекет башчыны жана бийлик өкүлдөрүн жөнү жок сындап жаткандарга эскертип коёюн. Убакыт келгенде жоопкерчиликке тартыласыңар. Ар бириңерди каттоого алабыз, ал тургай чет өлкөдөгүлөрдү да жазабыз. Аларды Кыргызстанга алып келүү үчүн башка мамлекеттер менен келишим түзөбүз. Ошондуктан токтогула", — деди Ташиев.

Ал "күзүндө парламенттик шайлоодон кийин революция болот" деп элди адаштырып жаткандар аёосуз жазаланарын эскертти.

"Эч кандай революция болбойт! Биз элдик бийликпиз, андайга жол бербейбиз. Мындан ары Кыргызстанга төңкөрүштүн кереги жок. Биз революциясы жок өзүбүз кетебиз. Урматтуу саясатчылар, саясий экстремисттер этияттап сүйлөгүлө! Айрым саясатчылар ар нерсени сүйлөп коёт, аны башка бир экстремисттер колдонуп кетет. Эгер акылга келбей ар нерсени айта берсеңер, мамлекетке коркунуч алып келе турган болсоңор эч кимди аябайбыз. Кайсы саясатчы, мамлекеттик ишмерди болбосун жоопко тартууга акыл, күч, духубуз жетет", — деди Ташиев.

УКМК төрагасы азыркы маалда өлкө сырттан келе турган коркунучтардан сактанып, элди биримдикте болууга чакырды.


sputnik