Мырзалардын төшөктө мыктылыгын кантип билсе болот? Чыныгы мырзанын 9 сапаты

8 июля 2021 Мырзалардын төшөктө мыктылыгын кантип билсе болот? Чыныгы мырзанын 9 сапаты

Бирөө менен жаңыдан таанышканда анын төшөктө кандай экенин так биле албайсың. Анда эмесе, айымдардын жүрөгүн багындыруучу мырзалардын сапаттарын санап көрөлү.

  1. Өзүн мактабайт. Мыкты сапатын сөз менен эмес, иш менен көрсөткүсү келет.
  2. Ал төшөктө мыкты. Албетте, төшөккө чейин да өзүн ойдогудай алып жүрөт. Ал ар бир сексти порнофильмдердеги марафонго айландырбайт.
  3. Ал шашылбайт. Ар дайым сүйүктүүсүнүн лаззатка батышына кам көрөт. Өзү жөнүндө да унутпайт.
  4. Ал абдан экспрессивдүү. Айымдардын өзүнүн онтогону менен эле дүүлүктүрө алат.
  5. Анын үйү, өзгөчө ваннасы абдан таза. Анткени, ар бир кечеден кийин айым менен келиши толук мүмкүн. Мындан тышкары, ашыкча тиш щеткасы да болот.
  6. Ал өзүнүн денесинин мүмкүнчүлүгүн жакшы билет. Аны туура пайдаланат. Формасын сактап жүрүүгө аракет кылат.
  7. Ал клитор эмне экенин түшүнөт. Анын кайда жайгашканын, канткенде айымга жага турган кыймыл менен рахат тартуулоону да билет.
  8. Ал өзүнүн жыныс мүчөсүнүн көлөмүнө маани бербейт. Анткени, жыныс мүчөнүн көлөмү эмес, мырзанын аракети рахат тартулайт экенин жакшы билет.
  9. Айымга оргазм тартуулай алат. Эгер чын эле ошондой болсо, демек ойдогу мырзага жолуктуңуз.