Ушул жылы сөзсүз үй-бүлөлүү болушум керек дегендер барбы? Бойдокторго кеңеш

8 июля 2021 Ушул жылы сөзсүз үй-бүлөлүү болушум керек дегендер барбы? Бойдокторго кеңеш

Бойдок, үйлөнө турган кыз таппай жүргөн жигиттер да, турмушка чыга турган жигит таппай жүргөн кыздар да көп. Ата-энелер уул-кызына “Көзүмдүн тирүүсүндө турмуш куруп, үй-бүлөлүү бол” дегенден башка эч нерсе айта албасы анык. Анткени, көпчүлүгү баласынын көңүлүн калтырып алуудан коркушат. Ал эми психологдор мындай учурда кандай кеңеш берет?

Адам жар тандаганда, издегенде “Ушул мага ылайыктуубу?” деген суроого жооп издейт. Мындай суроо жигиттен да, кыздан да кемчилик издөөгө алып келет. Бул турмушка чыга албай, үйлөнө албай жүргөндөрдүн негизги катасы. Жар тандаганда “Мен ага татыктуумунбу?” деген суроого жооп издеген кыз-жигит убакытын куру кыял менен өткөрбөйт эле.

Албетте, адам өзүн баалап, өзүн өзгөдөн төмөн сезбеши керек. Кызматта жана башка жайларда адам бийиктикке умтулушу керек. Ал эми психологдор бир аз төмөн же өзүнө тең адам менен өмүр сүргөн жеңил жана оңой болот дешет. Ошондуктан, адам артыкчылыктары менен катар кемчиликтерин да биле жүрүшү керек.