Депутаттар Жапаровго Чек ара, УКМК жана ИИМ башчыларын жазалоону сунуштады

8 июля 2021 Депутаттар Жапаровго Чек ара, УКМК жана ИИМ башчыларын жазалоону сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаттары Орхан Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетиши боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угуп токтом кабыл алды.

Ага ылайык, президент Садыр Жапаровго сунуш, Башкы прокуратура менен министрлер кабинетине тапшырмалар берилди.

Токтомдо төмөнкүлөр жазылды:

Президентке укук коргоо органдарынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Чек ара кызматынын жетекчилигинин жеке жоопкерчилигин кароо сунушталсын.

Министрлер кабинети жана Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны өлкөгө алып келүү жана КР Конституциясына, эл аралык укуктук талаптарга ылайык мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча бардык чараларды көрсүн;

Башкы прокуратура тарабынан адамдардын жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуучу чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгындоо ишинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата мыйзамсыз аракеттерди табуу, алдын алуу жана жоюу иштери менен алектенген, ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтарган кызмат адамдарынын ишине укуктук баа берилсин.


sputnik