Кандай аялдар ойнош болушат?

7 июля 2021 Кандай аялдар ойнош болушат?

Аял билип туруп үй-бүлөлүү мырза менен мамиле курган болсо, ал өзүн куткаруучу катары сезет. Эркекти аялы түшүнбөйт, бактысыз байкуш деп, а өзүн караңгыдагы жарык нур сыяктуу эсептейт. Бирок, чынында кандай болушу мүмкүн?

“Аял – дубал эмес”

Ар дайым ойноштуктун схемасы бирдей болот: ар бир ойнош сүйүктүү экенине, эркек аны каалап келерин ишенет, ал эми аялы менен балдары, ата-энеси үчүн гана жашап жатат деп билет. Никесиз деле бекем мамиле курууга болот деген ойдо. Чынында эле ошондойбу, же өздөрүн алдап келишеби?

Атаандаштык

Ойноштукка барган аял көңүлдөш мырзасынын аялы менен атаандаш болуп өтөт. Ал үчүн бул көнүмүш болушу мүмкүн. Чынында мындай аял – сүйүүгө, мээримге зар болуп өскөн кичинекей бала. Ал ойноштукка баруу менен ар дайым өзүн керектүү сезгиси келет.

Эки жол, экөө тең начар жолдор

Кийин мындай мамиле эки сценарий боюнча уланышы мүмкүн: же эркек аялын таштап ага биротоло келет, же эки аялдын башын айлантып жүрө берет.

Ар бир аял бактылуу болгусу келет. Сөздүн ачыгы ойнош болуу эч качан өзү эңсеген кубанычты, бакытты тартуулай албайт.