7 июля 2021
Ысык-Көлдө жолтандабасы менен пансионаттын пляжына чейин кирип келген айдоочунун видеосун күбө "Бишкек сегодня" Telegram тайпасына жиберди.
Анын айтымында, окуя бүгүн, 6-июлда, "Толкун" пансионатынын аймагында болгон. Кадрдан Mercedes Gelandewagen көл жээгине чейин келип чаңызгытып жатканын көрүүгө болот. Окуянын күбөсү айдоочу кымбат баалуу автоунаа менен суунун ичине чейин киргенин белгилейт.
Кыргызстанда пляждык зоналарга автоунаа менен кирүүгө тыюу салынат. Ысык-Көл облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов автоинспекторлор эреже бузган айдоочуну табууга жардам берерин билдирди. Андан ары мыйзам боюнча Мамлекеттик экотехинспекция айып салат.