Эркек баланы наристе жана өспүрүм кезинен кантип караш керек, ата-эненин катасы анын жыныстык жашоосуна кандай таасир этет, деги эле мырзаларды кайсы суроо түйшөлтөт. Редакция даярдаган маектен окуңуз.
Эркектер аялдарга жагуу үчүн "дайыма күчтүү болушум керек" деген ойду карманып алышат, бирок мыйзам ченемдүү деп карай турчу нерселер бар дейт уролог.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы эркектерди ойго салган маселелер боюнча Заара жана эндоскопия клиникасынын жетекчиси, дарыгер-уролог, сексолог-андролог Нурбек Моңолов менен маектешти.
— Эркектерди тукумсуздукка алып келген айрым ооруларды бала чагынан дарылаш керек экен. Уул баланын ден соолугуна кантип көңүл бурсак болот?
— Чындыгында баланын кичинекей чагында көңүл бурулбай калган ооруларын кийин айыктыруу кыйын. Чоңойгондо бир илдет жуктуруп алса сакайтуу оңой болушу мүмкүн.
Төрөлгөнгө чейин эркек баланын жумурткасы курсагында болот. Жарыкка келери менен анысы калтага түшөт. Ошон үчүн дарыгерлер муну дароо текшерет. Ата-эне баланын башы-көзүн кармалабай, жумурткасына да көңүл буруп, акушерлерден кызыгып сурашы керек.
— Түшпөй калганда крипторхизм деп коюшат эмеспи?
— Крипторхизм жана эктопия деп бөлүнөт. Биринчисинде жумуртка калтага түшүп келе жатып бир жерде токтоп калат. Экинчисинде жумуртка тубаса башка жерде өсүп калат.
— Төрөлгөндөн кийин эркек баланы кантип караш керек?
— Балдарга буту туюк, калың шымдарды (ползунка), памперстерди жайдыр-кыштыр кийгизип коёбуз. Айрымдар эринип 3-4 жашка чейин памперс кийгизип коюшат экен. Такыр пайдаланбагыла дегенден алысмын, болгону кээде чечип желдетип туруу керек. Себеби чатка жел өтпөй, ысыганда жумурткаларга зыянын тийгизиши мүмкүн.
Чоңойгондо баарыбыз эле инфекциялык ооруларга кабылабыз. Балдар арасында свинка деген коркунучтуу дарт бар. Без шишийт, анын ичинде жумуртка бези да шишип кетет. Ушуну алдын алып дарылап туруу керек.
Андан кийин өспүрүм кезине көңүл бургула. Эркек балага 12-13 жашында түк чыгып, сакал-мурут чыгып, бою-башы өсүп, үнү жооноюп, булчуңдары чоңоё баштайт. Бул убакта жумуртка менен жыныс мүчөсү да өсөт. Ошолорун да этияттык менен байкап, көйгөйлөр болсо дарыгерге кайрылуу керек.
Анан жаштайынан кыймылда чоңойткула, бала деген чуркап ойношу керек да. Өзү тоголок, төштөрү кыздарга окшоп салаңдаган семиз балдарды көрүп жүрсөңөр керек. Ата-энеси да ою менен болуп тез даярдалуучу тамактарды, газдалган суусундуктарды алып беришет. Ашыкча салмак тукумсуздукка кептеши мүмкүн.
— Айрым энелер жалпы мончого 2-3 жаштагы гана эмес, 4-5 жаштагы эркек балдарын алып барышат. Мунун баары баланын эсинде калабы жана кийин кандай таасир бериши мүмкүн?
— Мени дагы апам мончого алып бара берчү. "Чоң эле балаңды эмнеге алып келдиң?" деп аялдар урушчу. Мончого баруу мен үчүн көйгөй эле кыскасы. Менимче, бир жашка чейин эле алып барган оң, канча эрте болсо ошончо жакшы. Эркек менен аялдын чек арасы бар экенин ата-эне түшүнүшү керек. Мындай көрүнүштөр жыныстык жашоодо чоң роль ойнойт. Негизи бардык эле балада биринчи таасир 3 жаштан 5-6 жашка чейин пайда болот. Эркек балдарда кайсы кызды жакшы көрөм, кыздарда кайсы бала жагат деген тандоолор калыптанып баштайт. Беш жашында ал башкача экенин түшүнөт. Жадагалса бул убакта туура эмес багыттар болуп кетиши мүмкүн. Эркектер эркектерди, кыздар кыздарды жакшы көргөн учурлар кездешип жатпайбы.
Биз унутуп калат деп ойлойбуз. Туура, мээде унутулуп калат. Бирок биздин көмүскө туюмубуз, аң-сезимибиз болот. Аны эстей албайбыз, мээбиздин түпкүрүндө сакталып калган да. Кээде ошолор белги берип турат, бирок эмне болуп жатканын түшүнбөйбүз. Маселен, адам 3-5 жашында кордук көрсө жаман маалыматтар анда сакталып, жүрөгүндө так калат. Жашоо өтө берет, бирок бир нерсе жетишпегендей кайгы-капада жүрөт. Бардыгыбызда ошондой көйгөй бар, бирок билбейбиз. Психологго кайрылсаңыздар түйүнүн чечип берет.
— Кыздар кыздарды, балдар балдарды жактырган учурлар тууралуу айтып калдык. Бул организмденби же психологиялык көйгөйбү?
— Тубаса болсо эч нерсе кыла албайбыз, Кудай ушундай кылып жаратты. Ата-эне, коом басым жасайбы же дарылайбызбы, өзгөрбөй турган нерсе. Америкада, Европада 1990-жылга чейин муну психикалык оору катары дарылай беришчү, бирок оңолуп кеткендер болгон эмес. Натыйжада муну менен күрөшүүнүн пайдасы жок деген чечимге келишкен.
Гомосексуализмдин кийин пайда болгон түрү бар. Ага зордук-зомбулук, коомдогу көрүнүштөр таасирин тийгизет. Мындай учурлар жабык мекемелерде, тагыраагы, жалаң эркектер окуган аскердик, диний жайларда, түрмөлөрдө болушу ыктымал. Афганистан, Иран сыяктуу жабык өлкөлөрдө да болот. Сүйлөшүү, сүйүшүү, чоңойгондо биринчи сексуалдык тажрыйба кыздар менен болушу керек. Андай мамлекеттерде эркек менен кыздар бала бакчага, мектепке чогуу барбайт, кыз-жигит болушпайт. Баары бир гормондор иштеп турат, анан биринчи нерселер эркек менен болушу мүмкүн. Бирок бул кийин оңолуп кетет.
— Мындай көрүнүштөргө ата-энелер да күнөөлүүбү?
— Байкасаңар, кээде жакшы ата-эненин балдары начар чыгып калат же ичип-чеккен, баңгилердин балдары жакшы адам болуп калат. Жашоо ар кандай, эмне жазылганын бир Кудай өзү билет.
Бирок баланын чоңоюшуна, албетте, ата-эне жана айлана-чөйрө таасир берет. Ата-эне кээде байкабай балдарынын көзүнчө жыныстык катнаш кылып алат. Кыргыздарда шарт жок, баарыбыз бир-эки бөлмөдө турабыз да. Баланын мээсине сиңген нерсе сөзсүз сыртка чыгышы керек. Кандай болуп чыгат, аны билбейбиз. Буга кошумча уят кинолор да таасир этет. Үй-бүлөдөгү мамиле да маанилүү. Биз көп учурда баланы милдеттүүсүң деп чоңойтобуз, ал жадагалса идиш-аяк сындырып алганга акысы жок, идеалдуу болушу керек. Ката кетирсе бала уялат, стресс, депрессия болот. Аны айрымдар зордук-зомбулук же сексуалдык энергия менен чыгарат. Ошондуктан ата-энелер балага жол көрсөтүүчү гана болушу керек.
— Жашыруун деле болбосо керек, порнографиялык кинолорду өспүрүм балдар дагы көрөт экен. Бул нерседен арылтуу үчүн бала менен кантип сүйлөшүү керек?
— Бала 1-класстан баштап жыныстык органдарга кызыгып баштайт. Кокус уят кино көрүп же колу менен мастурбация кылып жатканда кармалып калса чоң трагедия кылып жибербеш керек. Ата-энесинин көрүп калганы эле чоң стресс, анан тилдеген эки эсе санаага салат. Баланын мээси калыптанган эмес, кичинекей стресс эле чоң көйгөйгө алып келет. Ошол үчүн туура түшүндүрүү керек. Мисалы, "балам, эч нерсе болбойт, бул нормалдуу нерсе, акыры бул жолго келесиң, бирок сага азырынча эрте, окууга көңүл бур" деп коюш керек. Эгерде чоң көйгөй катары көрсөтсөк, ага, тескерисинче, кызыгуусу артат.
— Жасалма жол менен кумар алып жүргөндөр кийин деле ошого көнүп кетет деп айтышат. Мунун кандай пайда жана зыян жактары бар?
— Мастурбациянын көп түрү бар. Ал, мисалы, кыздар менен балдарда 3-4-5 жашында да болот. Бала өзү түшүнбөйт, бирок жыныстык мүчөсүн кармалап мастурбация кылышы мүмкүн. Көрүп калсаңар деле алаксытып коюш керек. Анткени ал жаман ою менен, жыргайын деген максатта кылып жаткан жок. Аны адатта изилдөө ою менен жасайт. Кармаласа жыныстык мүчөсү бир нерсени сезип кетет да. Алаксытып, оюнчук берип койсо өтүп кетет. Өспүрүм куракта жыныс органдары жетилип жатканда мастурбация жасоо да нормалдуу эле нерсе, бул да өзүңдү изилдөө. Биринчи тажрыйбаны баарыбыз эле аял менен ала албайбыз, үйлөнө элекпиз дегеним. Ошон үчүн бардык эле эркек ушул жолдон өтөт, андыктан трагедия эмес. Ата-эне өспүрүм баласы мастурбация жасап жатканын көрсө урушуп, моралдык жактан басым кылбай, көрмөксөнгө салып коюшу керек. Бул өтүп кете турчу нерсе, андан кийин үйлөнүп жыныстык жашоосу башталат.
Анан мастурбацияны айласыздан же убактылуу жасагандар болот. Маселен 30-35 жаштагы эркектин аялы көпкө бир жакка кетти же такыр жок деп коёлу. Ал гормондорду чыгаруу үчүн жасалма жол менен кумарга батат. Бул да нормалдуу.
Анан нормалдуу эместер дагы бар, ал нерв оорулары менен байланыштуу. Баарыбыз стресс болобуз. Аны бирөө арак менен, кээси ушак менен, ырдап-бийлеп, айрымдар ушул мастурбация менен чыгарат. Күнүнө 10-15 жолу кыла бериши мүмкүн. Бул жаман нерсе, башка иш кылбай эле ушу менен алектенип калат. Андай адамдар дарыгерге кайрылганы оң.
Ал эми гиперсексуалдуу адамдар башка. Алар мастурбация эмес түгөйү менен узак убакытта катнашка барууну каалашат. Бирок бул эки кишиге тең жагышы керек. Эгер өнөктөшүн зордоп жатса мамилеге жарака кетет.
— Ден соолук тууралуу жазганыбызга байланыштуу ар кандай суроолор келет. Анын ичинде эркектер жыныстык мүчөнү кантип чоңойтуу керектигин көп сурашат.
— Ооба, чындыгында менден да көп сурашат. Биринчиден, бул тууралуу көп ойлонбой, Кудай берген мүчө менен жашай берүү керек. Порнографиялык кинолорду азыраак көргүлө, ал жакка актёрлор тандалып, видеону атайын ракурс менен тартышат. Ушундай видеолорду көргөн эркектер башына көп көйгөйдү үйүп, меники да чоң болушу керек турбайбы деп ойлоно беришет. Негизи эркектердин 90 пайызынын мүчөсү окшош келет. Бирок аял кишиге мүчө менен жагабыз деген ой мээсине сиңип калган. Аялга жагуу оңой эле. Ага мамиле, эмоция керек, бактылуу кылгыла, мүчөнү акыркы орунга койгула. Ал биринчи болсо мамиленин деле келечеги жок.
Бирок эми мүчөнүн калыңдыгын, узундугун чоңойткон жолдору бар. Аябай эле көйгөй болуп жатса кайрылгыла. Эгерде ушунун айынан үй-бүлө бузулганы жатса биз жардам берүүгө даярбыз. Ал эми кыздарга жагып, көңүл ачам десеңер кереги жок, бул арзан жасалбайт. Биз кайрылгандарга эмне максатта чоңойторун сурайбыз, кээде жубайын да чакырабыз. Келишпестиктер көп учурда мүчөнүн айынан эмес болуп чыгат.
Анан ата-энелерге дагы бир жолу балдарга памперсти узак убакыт, терисин дем алдырбай кийгизбегиле деп айтат элем. Себеби жумурткадагы гормондор эркектик мүчөнүн өсүшүнө жооп берет.
— Ошондой эле бел кубатты кантип көтөрүү керек деген суроо баарын кызыктырса керек.
— Эркек ар дайым күчтүү болуш керек деген бир миф бар. Аял киши менен күндө кошулсам, күндө күчтүү болушум керек деп ойлошот. Бул деген маанай же табит сыяктуу. Бир күнү тамакты жакшы жейсиң, кийинкиде аз жейсиң дегендей эле. Ошол сыңары төшөктө бирде күчтүү, бирде алсыз болушуң мүмкүн, бул трагедия эмес.
Жаш болсоңор туура тамактанып, спорт менен алектенип, ашыкча салмактан арылып, бел кубатты бекемдеп туруу керек. Бирок 35-40 жаштан кийин ал төмөндөй баштайт. Бул убакытта эркектик күчкө ар кандай оорулар таасир эткендиктен аларды алдын алып, дарылап туруңуздар.
— Эркектик алсыздык боюнча дагы сизге көп кайрылса керек?
— Алар менен сүйлөшө келгенде бул деле чоң көйгөй эмес болуп чыгат. Өздөрү мээсине ошону түйүп алат да, жаш кезде түндө 2-3 жолу, кээде 10 жолу катнашка барчу элем дей беришет. Бирок активдүүлүк убакыттын өтүшү менен түшөт. Кээде бир жумада бир жолу, жадагалса бир айда бир болгонуңа ыраазысың. 25-35-45 жаштагы жана андан кийинки жашоо башка экенин түшүнүү керек. Бирок урологдор эркектик алсыздыкка да жардам бере алат.
— Мырзаларга кеңешиңиз...
— Эркектик мүчөнү, бел кубатты эмес, биринчи орунда касиетиңерди көтөргүлө. Чыныгы мырзалык сапаттарга ээ болуп, өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү камсыздай алгандай болгула. Социалдык жактан ийгиликтүү болсоңор калган көйгөйлөр билине бербейт.