"Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инандыны кайтарып берүүнү Түркиядан талап кылабыз. Бул туурасында президент Садыр Жапаров 24.kg сайтына берген маегинде билдирди.
Жапаров Инанды жоголору менен бардык укук коргоо органдарын чогултуп, мүмкүн болушунча тезирээк табууну жана чек араларды кылдат кароону тапшырганын айткан.
“Мен ошол эле күнү (31-майда — ред.) Орхан Инанды тууралуу кенен маалымат алгам. Көрсө аны уурдоого 2016-жылдан бери үч жолу аракет кылышкан экен. Үчүнчү аракети ушул кышта болуп, аны УКМКнын кызматкерлери куткарып калган. Инанды жана анын үй-бүлөсү бул тууралуу билген. Ошондо Камчыбек Кыдыршаевич (УКМК төрагасы — ред.) Инандыга жалгыз жүрбөй, ар дайым жан сакчылардын коштоосунда болушун эскерткен. Бирок ал буга көңүл бурбай койгон”, — деди Жапаров.
Ошондой эле ал Инандыны өлкөгө кайтарууну талап кыларын баса белгилеген. Түркияга жеткирилгени тууралуу маалыматты угары менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге элчини чакырып нота берүүнү тапшырганын айтат.
“Азырынча Түркия тараптан расмий жооп келе элек. Оозеки түрүндө Орхан Инанды Түркия жарандыгынан чыкпаганын, алардын жараны экенин билдирүүдө. Биз Түркиянын расмий жообун күтүшүбүз керек”, — деди Жапаров.