Ысык-Көлгө экологиялык өзгөчө шаар курулат. Эскизинин видеосу

7 июля 2021 Ысык-Көлгө экологиялык өзгөчө шаар курулат. Эскизинин видеосу

Президенттик администрацияда Ысык-Көлгө курула турган "Асман" — келечектин шаары" долбоорунун бет ачары өттү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президенттин кеңешчиси Равшанбек Сабиров министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин катышуусунда туризм жана инвестициялык потенциалы жогору делген аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөргөн.

ВИДЕО

Жолугушууда "Асман" — келечектеги экологиялык таза шаар" пилоттук долбоору тааныштырылып, талкууланган. Авторлордун концепциясы боюнча аталган шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болот. Анда алдыңкы билим берүү системасын киргизүү, заманбап ден соолукту чыңдоочу жайлар жана бизнес борборлорун, стадиондорду куруу, жогорку технологиялык парктарды, ошондой эле каржылык-кредиттик мекемелерди жайгаштыруу каралган.

Долбоорго ылайык, 4 миң гектардык аянтты ээлеген жаңы калаанын курулушуна шаарды оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттан азыраак сумма сарпталат. Өндүрүштүк инфраструктурасы "акылдуу шаар" классында жогорку технологиялык жактан иштеп чыгууларга негизделип, альтернативдүү энергия булактарын пайдалануу, ресурстарды жана транспорттун экологиялык таза түрлөрүн колдонуу, ошондой эле жашыл экономика принциптерин сактоо менен ишке ашырылат.

Шаар 500 миң кишинин туруктуу жашоосуна ылайыкталган. Кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн эске алганда, резервдик потенциал 700 миңге чейин чыгат.

Долбоор 7-10 жылдын аралыгында ишке ашырылары болжолдонууда. Үстүнөн караганда комуз улуттук музыкалык аспабына окшош болгон шаарды Ысык-Көл облусуна куруу пландалууда.

Жыйындын соңунда долбоорду жүзөгө ашырууга талап кылынган иштер боюнча министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди.


sputnik