Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инандынын Түркияга жеткирилиши боюнча республиканын позициясын билдирди.
Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Доган Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, ага Инандынын кармалгандыгы жана Түркияга жеткирилиши боюнча нота берилди.
"Кыргыз тарап эл аралык документтерде так көрсөтүлгөн укуктук нормалардын бузулушуна алып келген аракеттер кылынбашы керек деп эсептейт. Ошондой эле Кыргызстан Инандыны кайтарып берүүнү жана ага карата зордук-зомбулук болбошу керектигин белгиледи", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми элчи Орхан Инанды Түркиянын жараны экенине токтолуп, ошол эле учурда аны кармоо боюнча атайын операция Кыргызстандын аймагында өткөрүлгөнү айтылбаганын кошумчалады.
ТИМден билдиришкендей, министрлик Орхан Инандыны Кыргызстандын жараны катары өлкөгө кайтарууга жана анын укуктарынын сакталышына бардык аракеттерди жасамакчы.
Эске салсак, Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.
Ал эми кечээ, 5-июль күнү, ЖМКлар Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салганын жазып чыгышты. Эрдоган Түркиянын атайын кызматтары тыкыр аракеттин арты менен Инандыны өлкөгө алып келип, сотко өткөргөнүн айткан.