Ички иштер министрлиги финансылык пирамидалар кылмыш жана жарандарды сызга отургузуу ыкмасы экенин эске салып, алардан сактануу жолдорун айтып берди.
Финансылык пирамиданын белгилери:
- кыска мөөнөт ичинде байып кетүүнү убадалашат;
- башка адамдарды тартып келүүнү талап кылышат;
- ишкананын документтерин көрсөтүшпөйт;
- күмөн санаткан келишимдер.
"Финансылык пирамиданын түрлөрү абдан көп. Бардыгынын негизги максаты — адамдардын ишенчээктигинен пайдаланып, алардын акчасын алуу. Бекер эч нерсе болбойт. Кайсы бир уюмга кирип же топко кошулардан мурда Юстиция министрлигинин, Улуттук банктын, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын сайтынан ишкананын расмий катталгандыгы, ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алып алган туура", — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
Мыйзам боюнча кайсы гана ишкана болбосун зарыл болгон учурда уставын жана башка документтерин көрсөтүүгө милдеттүү. Кайсы бир себептер менен мындай кылуудан баш тартса же создуктуруп жүрсө, демек, тынчсызданууга себеп бар.
Финансы пирамидасын уюштургандар Жазык кодексинин 214-беренесине ("Финансылык пирамидаларды түзүү") ылайык жоопко тартылат.
Маалыматка караганда, ИИМ ушул тапта Ысык-Көл жана Талас облусунда финансылык пирамидаларды уюштургандарга каршы кылмыш ишин тергеп жатат. Ошондой эле Бишкек, Ош шаарлары, Ош, Жалал-Абад облустары боюнча финансылык шылуундарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Министрликтен эскерткендей, эгер жаран аны кимдир бирөө алдап жатканын байкаса, милицияга кайрылышы зарыл.