Эркекти кыйноого болбойт: жыныстык катнашта маани берүүчү жагдайлар

6 июля 2021 Эркекти кыйноого болбойт: жыныстык катнашта маани берүүчү жагдайлар

Секстин кандай өтөрү жөнүндө эркектер сарсанаа болбойт дегендер жаңылышат. Алар да аял сыяктуу күйпөлөктөйт, ичинен ишенбестик байлап турат. Ошондуктан, аларга да кеңеш, колдоо керек. Биздин кеңештер аларга жагып, ал эми аялдар эске сактап калат деген ойдобуз.

Рахат алууну оргамз менен алмаштырууга болбойт

Эсиңизде болсун: аял менен эркектин бири-бирин канааттандыра турган жолдору көп. Демек, жыныстык катнаш менен эле чектелип калуу туура эмес. Өзүңүзгө, көңүлүңүзгө жакканынын тандаңыз. Бирок, аны жолдошуңуз менен ачык сүйлөшүп, келишип алганыңыз оң. Аны менен катар, чектен ашпоо керек.

Аял оргазм албаса, ага эркек күнөөлүү эмес

Абдан этият болуу керек. Эркектер аялдын каалаганынын баарын аткарганы менен, аял төшөктө оргазм албаганы үчүн эркектин күнөөсү жок. Ал үчүн эркек өзүн “жаман күйөөмүн” деп эсептебеши керек. Оргазмды такыр сезе албаган аялдар бар. Мындан тышкары, жыныстык катнашта аял да, эркек да бирдей аракет кылып, бирдей күч жумшашы керек. Белгилей кетүүчү нерсе, оргазмды жыныс органы менен эле эмес, башка жолдор менен да сезүүгө болот.

Төшөктө уят эмес

Көп жубайлар жыныстык катнашты жакшырта турган секс каражаттарын колдонуудан уялышат. Мисалы, презерватив колдонуу керек болсо, ошону айтуудан да уялгандар бар. Мыныс мүчөлөрү кургак болсо, атайын майлай турган атайын майлар бар. Ооба, аны да колдонуу уят эмес. Тескерисинче, аны колдонбой, оорутуп алуу уят.

Баарын кинодогудай жасоонун кереги жок

Эркек болгон соң, баарын жасап көрүүгө милдеттүү эмес. Эркектерде да өзүнө жаккан поза бар, аны жубайына айтып, талкуулап, орток бир чечимге келүүгө акысы бар. Ал эми эротикалык кинодо көргөндөрүнүн баарын жасап көрүүгө милдеттүү эмес. Жагабы деп жубайынан сурап көрүшү керек. Аялга жаккан нерсе эркекке жакпай турса, денедеги кумарды өчүрүшү мүмкүн.

Эркекмин деп 2 саатка созуу – акмакчылык

Жыныстык катнашты узак убакытка созом деп аялдын алдында узүн супермен көрсөтүү – нагыз акмакчылык. Адам болгон соң баары чарчайт. Жүрөккө, муундар менен кан айланууга күч келтирген жыныстык катнаш машыгуу сыяктуу. 20 мүнөттөн кийин өпкө да алкына баштайт. Өзүн керемет санап, аялга мыкты көрүнүүгө тырышпашы керек. Мүмкүн, аял 5 мүнөттүн ичинде канааттанып, лаззат алып үлгүргөн чыгар. Балким, эркектин узак сексине аял аргасыз көнүп жаткандыр. Узак секстин баары мыкты эмес экенин эстен чыгарбаш керек.