Бир суткада 1 233 кишиден COVID табылып, 8 бейтап көз жумду

6 июля 2021 Бир суткада 1 233 кишиден COVID табылып, 8 бейтап көз жумду

Өткөн суткада Кыргызстанда 1 233 адамдан коронавирус табылып, 763 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 789;
  • Ош шаары – 44;
  • Чүй облусу – 139;
  • Ош облусу – 32;
  • Талас облусу – 9;
  • Нарын облусу – 13;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 83;
  • Баткен облусу – 89.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 133 303кө жетсе, анын ичинен 113 975 адам дартты жеңген.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 410;
  • Ош шаары – 83;
  • Чүй облусу – 94;
  • Ош облусу – 55;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 9;
  • Ысык-Көл облусу – 16;
  • Жалал-Абад облусу – 63;
  • Баткен облусу – 25.

Тилекке каршы, бир сутка ичинде сегиз адам коронавирустун курмандыгы болгон. Ушуну менен дарттан көз жумгандардын жалпы саны 2 054кө жетти.

Каза тапкандар:

  • Бишкек — 4;
  • Ысык-Көл — 3;
  • Баткен — 1.

Азыркы тапта 4 158 бейтап стационарларда дарыланууда. Анын ичинен 1 193 адам оор абалда жатса, 177 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Бир суткада 30 медиктен коронавирус аныкталган.


sputnik