Телефонду бирөөлөр тыңшап жатканын кантип билсе болот. Адистин кеңеши

6 июля 2021 Телефонду бирөөлөр тыңшап жатканын кантип билсе болот. Адистин кеңеши

Телефондогу сүйлөшүүлөрдү үчүнчү тарап тыңшап жатканынын негизги белгилерин "Прайм" агенттигине "ИТ-Резерв" компаниясынын директору, кибер коопсуздук боюнча адис Павел Мясоедов айтып берди.

Анын пикиринде, мурда телефондо сүйлөшүп жатканда ортодо тоскоолдуктар болуп, жакшы угулбай калса, сөздү бирөөлөр тыңшап жатат деп ойлочубуз. Бирок сүйлөшүүнүн сапаты начар болушунун себептери көп.

"Азыр телефондогу маектештердин ортосунда тыңчы бар экенин билгизип турган негизги белги — аппараттын кубатынын бат короп кетиши. Болгондо да тегиз коробой, ээси бирөө менен сүйлөшүп же жазышып бүткөндөн кийин көп кетип калат. Анткени тыңчылар орноткон тиркемелер көп энергия жейт", — деди адис.

Ошондой эле ал жарнамаларга көңүл бурууга чакырды.

"Смартфон ээси кимдир-бирөө менен кайсы бир товарды же буюмду талкуулап бүткөндөн көп өтпөй эле белгисиз номерлерден дал ошол товарларды сунуштай башташат. Бул учурда колдонуучу телефонун бирөөлөр тыңшап жатканынан күмөн санабашы керек", — деди  Мясоедов.

Адис мындай тыңчылардан сактануу үчүн тиркемелерди абайлап көчүрүп, аларды колдонуу шарттарын тыкыр карап чыгууну сунуштайт. Ошондой эле тиркемени колдонордо камерага, микрофонго, галереяга уруксат берүүдө сак болуу керектигин эскертет.


sputnik