Отурбагыла. Дарыгер өмүрдү узартуунун жөнөкөй жолун айтты

6 июля 2021 Отурбагыла. Дарыгер өмүрдү узартуунун жөнөкөй жолун айтты

Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников "Россия-1" телеканалындагы эфиринде өмүрдү узартуунун эң жөнөкөй жолун айтып бергенин РИА Новости жазды. 

Адистин билдиришинче, дене тарбия көнүгүүлөр бардык курактагы адамдарга, анын ичинде дарты, жадагалса шишик оорусу барларга да жардам берет.

"Ракка кабылгандар төшөккө көп жатат эмеспи. Эгерде айрым көнүгүүлөрдү аткарып турса өмүрүн узартууга жардам берет", — деген дарыгер.

Мясников адамдын дене-бою чымыр болуусу үчүн сөзсүз эле фитнес-клубга баруунун кажети жок экенин айткан.

"Лифт бар экенин унуткула. Бир жакка жөө деле баргыла. Жок дегенде күнүнө беш чакырым жөө жүргүлө. Отурбагыла, көбүрөөк туруп жана баскыла", — деген медик.

Ал элди чуркоого, сууга сүзүүгө жана башка денени кыймылга келтире турган, ошол эле учурда спорттун өтө көп күч келтирип жибербеген түрлөрү менен машыгууга чакырган.


sputnik