ЖМК: Эрдоган Орхан Инанды кармалып, Түркияга жеткирилгенин айтты

6 июля 2021 ЖМК: Эрдоган Орхан Инанды кармалып, Түркияга жеткирилгенин айтты

Орхан Инанды кармалып Түркияга жеткирилгенин өлкө президенти Реджеп Тайип Эрдоган билдиргенин TRT-HABER агенттиги жазды. 

Эрдоган министрлер кабинетинин отурумунан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

"Тыкыр аракеттин арты менен өлкөгө Орхан Инанды алып келинип, сотко өткөрүлдү. Биз элди, мамлекетти сатып кеткендерге кан төгүп, моралдык жана материалдык чыгым келтирүүсүнө жол бербейбиз”, — деди Эрдоган.

Президент кошумчалагандай, FETO мүчөлөрүнө каршы иш-аракеттердин аркасы менен Түркияга дүйнөнүн ар кайсы жеринен 100дөн ашык киши жеткирилген.

Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.


sputnik