Россия менен Белоруссиянын ортосунда роумингди 2019-жылы өчүрүү пландалууда.
Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүндө роумингди өчүрүү мүмкүнчүлүгү талкууланып жатат. Бул туурасында РИА Новостигемаек берип жатканда Россиянын Монополияга каршы федералдык кызматтын жетекчисинин орун басары Анатолий Голомолзин айткан.
Белоруссия менен Россиянын ортосундагы роумингди токтотуу боюнча чечимге комментарий берип жатып, Голомолзин төмөнкүчө пикирин билдирген.
"Бул боюнча иш ЕАЭБдин аймагында жүргүзүлүп жатат. Тагыраагы, эки тараптуу гана эмес, "бештиктин" алкагында да талкууланууда", — деп айткан ал.
Анын айтымында, ЕАЭБ айдыңында аталган байланышты токтотуу тиешелүү келишимде каралган.
Буга чейин Голомолзин Россия менен Белоруссиянын ортосунда роумингди 2019-жылы өчүрүү пландалып жатканын билдирген.
Дагы: sputnik.kg, фото - © Sputnik / Владимир Песня