Талибдер менен согуш. Дагы 1000ден ашык афган аскери Тажикстанга кирди

5 июля 2021 Талибдер менен согуш. Дагы 1000ден ашык афган аскери Тажикстанга кирди

Талибдер менен болгон кагылышуудан кийин Тажикстан Афганистандын дагы 1000ден ашык аскерин чек арадан өткөрдү. Бул тууралуу Тажикстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүнө таянып Sputnik Тажикстан кабарлады.

Ага ылайык, 5-июлга караган түнү "Талибан" согушкерлери Бадахшан провинциясындагы алты уездди басып, толугу менен көзөмөлүнө алган. Анын ичинде Тажикстан менен чектешкен Хохон, Шикай, Нусай, Мохимай, Шугнон жана Султон Ишкашим уезддери бар.

"Куралдуу кагылышуудан кийин Тажикстан өз аймагына Афганистандын 1 037 аскерин чек арадан өткөрдү. Жеке курамды сактоо үчүн Шохон аймагынан 104, Рузвайдан 213, Нулванддан 83, Хумрогиден 173, Темден 312, Ишкашимден 102 жана Лангардан 50 адам кирген", — деп айтылат билдирмеде.

Маалым болгондой, чек арадагы аталган аймактар тажик чек арачыларынын көзөмөлүндө.

Эске салсак, "Талибандын" согушкерлери АКШ өлкөдөн аскерлерин чыгарып кете баштаганда, тагыраагы, июнь айынын ортосунан тарта күч алган. Өкмөттүн күчтөрү менен талибдердин ортосундагы аёосуз кагылышуу чек арада жайгашкан төрт облуста болуп жатат. Согушкерлердин карамагына Бадахшан провинциясынын 28 районунун 18и өткөн. Май айынан бери талибдер Афганистандын 150дөн ашык районун басып алышкан.


sputnik