Бардык ата-эне баласын “башкаларга жардам бер”, “жакшылык жаса” деп акыл айтары белгилүү. Бул туурабы, же туура эмеспи?
“Жакшылыгы өзүнө жамандык болуп кайтып жаткандар аз эмес. Ошондуктан, бүгүнкү заманда “аңкоо болбо”, “эң жакын адамга да ишене бербе” деп баланы тарбиялаган жакшы”, - дейт Кара-Балталык Чолпон аттуу аял. Себебин төмөнкүчө баяндап берди.
Турмушка чыкканымы он сегиз жыл болуптур. Ушул жылдар аралыгында жакшыны да, жаманды да көрдүм. Алгачкы беш жыл айылда турдук. Күйөөм карапайым эле жумушта иштечү. Ай сайын алган акчасы ата-энебиздин пенсиясы менен үй-бүлөбүзгө жетип турчу.
Айылда азыр деле жашап турсак керек эле. Бирок, ата-энебиз өмүрдөн өткөндөн кийин турмушубуз начарлай баштады. Мурун алардын пенсиясы бизге аябай көмөк болгон экен. Кийин бир адамдын тапканы балдарды багуу үчүн жетпей кыйналдык.
Күйөөм экөөбүз акылдашып, шаарга көчүүнү туура көрдүк. Айылдагы үйдү сатып, шаардан бир бөлмөлүү батир сатып алганыбызда бизден батылуу жок эле. Кийин күйөөм экөөбүздүн ишибиз жакшы жүрүп, шаар сыртынын тер тилкесин сатып алып, курулуш иштерин баштадык.
Чоң үй салып, аяка көчүп чыктык. Акырындап шаар турмушуна көнүп баштаганыбызда айылда турган кайнежем келди. Кайнежемин күйөөсү каза болуп калган эле. Анын абалы оор болчу. Биз жардамыбызды аяган жокпуз. Күйөөм ага жумуш таап берди. Биз менен чогуу туруп кылды.
Кайнежем “Үй алам, силер менен качанга чейин тура бермек элем” деп иштеп тапкан акчасын топтой баштады. Биз эмне жесек, ошону ичип-жейсиздер деп үйгө азык-түлүк да алдырчу эмесмин.
Кайнежем бала-чакасы менен биздин үйдө төрт жыл турду. Топтогон акчасына жер тилкесин сатып алып, аябай кубанды. Бирок, үй салууга акчасы аз болгондуктан, бизге жардамга кайрылды. Башка кайрыла турган тууганы да жок эле, күйөөм анын жалгыз иниси.
Биздин деле колубузда ашыкча акчабыз жок эле. Анткени, ушул жылдар аралыгында кайнежемдин балдары менен ичип-жегени, кийингени, баскан-турганы биздин мойнубузда эле. Ага жардам берүүнүн бир гана жолу банктан насыя алып берүү эле. Ал салык төлөбөгөн иште иштегендиктен, менин атымдан кредит алып берүүнү өтүндү.
Үйүбүздү күрөөгө коюп, насыя алдык. Чоң үй тургузуп алды. Башында кечиктирбей бир жыл төлөп турду. Уулун үйлөгөндөн кийин кайнежем айныды. Бейкапар жүргөн күндөрдүн биринде банктан насыянын төлөнбөгөнү тууралуу кагаз келди. Аны алып, эжеме барсам, азыр насыя төлөй турган шарты жок экенин айтып туруп алды. Ошондо кредитти ким төлөйт?
Андан бери алты ай убакыт өттү. Банктан төлефон чалып, мазамды кетирет. Ачык сүйлөшүү үчүн үйүнө бардым. Кредит төлөй турганын айтмак турсун, “Башымды оорутпай, ары жүрчү! Сенсиз деле проблемам чачтан көп” деп үйүнөн кууп чыкты.
Үйгө ыйлап келдим. Күйөөмө айтсам, “Башында сүйлөшкөн өзүң эмес белең. Мени эмне кыл дегени турасың?” дегенде айламды таппай, түңүлүп калдым. Ачуу үстүндө мени күнөөлөгөн күйөөм кийин эжесине барган экен, аны да жолотпоптур. Эми кандай кыларыбызды билбей калдык.
Балдарыбыз чоңоюп калды, алардын абалы не болот? Аларды ойлосом, уйкум качып, кирпик какпай таң атырам. Ал-жайымды уккандардын баары менин аңкоолугумду айтып, кайра өзүмдү күнөөлүү кылышат. Жолдошумдун жалгыз эжесин сотко берсемби? Жолдошум буга каршы. Анткени, ал эжесин энесиндей көрөт.
Башында кайнежемди үйгө киргизип, болгон тапкынымды берип, бекер кылган экенмин. Кандай иш болсо да аягы кантип бүтөрүн болжоп билиш керек экен...
Кандай кыларын билбей отурган Чолпонго эмне деп кеңеш берет элеңиздер?