Бул жүз жылдыкта адамзат канча жашка чейин өмүр сүрөрү айтылды

5 июля 2021 Бул жүз жылдыкта адамзат канча жашка чейин өмүр сүрөрү айтылды

2100-жылга карата Жер планетасындагылардын орточо курагы 126-130 жашты түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Вашингтон университетинин окумуштууларынын айтканына таянып жазды.

Адистер демография боюнча жасалган божомолдордун анализин жүргүзүп, узак жашоо боюнча эл аралык маалыматтар топтомун изилдеп чыккан. Андан сырткары, улгайгандардын карылык куракта жашоого болгон жөндөмдүүлүгүн да байкоого алышкан. Окумуштуулар бул жүз жылдыкта адамзат 126-130 жылга чейин жашайт деген ыктымалдуулук 99 пайыз экенин аныкташкан. Изилдөөлөр Жердин жашоочуларынын 13 пайызы 130 жылдык юбилейин тосорун көрсөткөн.

sputnik