5 июля 2021
Өткөн суткада 1 437 кишиден коронавирус табылып, 568 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек шаары — 924;
- Ош шаары — 50;
- Чүй облусу — 142;
- Баткен облусу — 87;
- Ош облусу — 85;
- Жалал-Абад облусу — 78;
- Ысык-Көл облусу — 33;
- Талас облусу — 10;
- Нарын облусу — 7.
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 132 070ке жетип, анын ичинен 113 212 бейтап айыкты:
- Бишкек шаары – 315;
- Ош шаары – 65;
- Чүй облусу – 54;
- Ош облусу – 33;
- Нарын облусу – 3;
- Ысык-Көл облусу – 27;
- Жалал-Абад облусу – 58;
- Баткен облусу – 13.
Акыркы 24 саат ичинде, тилекке каршы, вирус тогуз кишинин өмүрүн алды. Ушуну менен көз жумгандардын саны жалпысынан 2 046га жетти.
Каза болгондор:
- Бишкек шаары – 3;
- Чүй облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 2;
- Жалал-Абад облусу — 1;
- Ош шаары – 1;
- Ош облусу — 1.
Азыркы тапта 4 126 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Анын ичинен 1 193 кишинин абалы оор болсо, 176 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.