COVID-19ду жаш куракка жараша эрте аныктоого жардам берчү белгилер тизмектелди

1 июля 2021 COVID-19ду жаш куракка жараша эрте аныктоого жардам берчү белгилер тизмектелди

Британиялык окумуштуулар коронавирус жаңы башталганда же жеңил формасы менен ооруп жатканда кандай белгилер менен коштолорун айтып, аларды тизмектеп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Илимпоздордун айтымында, жөтөл, жыт же даам сезбей калуу белгилери ооруган учурдун 69 пайызын гана аныктоого жардам берет. Ал эми чарчоо, жыт, даам сезбей калуу, ич өтүү, баш оору, тамактын оорушу, жөтөл 96 пайызын аныктайт.

"Коронавирустун баштапкы белгилери жаш куракка жараша да бөлүнөт. Алсак, 17 жашка чейинкилерде көбүнчө баш ооруса, 18 жаштан өйдөгүлөрдүн тамакка табити тартпай калат, ал эми 18 жаштан 54 жашка чейинкилердин муун, булчуңдары ооруйт", — деп айтылат маалыматта.

Окумуштуулар бул белгилер коронавирусту жок дегенде эрте аныктап, оорунун жайылышын алдын алууга көмөк көрсөтө турганын кошумчалашкан.


sputnik