Ысык-Атада сарайдан сөөгү табылган адамдын өлүмүнө бир тууган эжеси шектелүүдө

1 июля 2021 Ысык-Атада сарайдан сөөгү табылган адамдын өлүмүнө бир тууган эжеси шектелүүдө

Чүйдүн Ысык-Ата районунда 36 жаштагы эркек кишинин сөөгү сарайдан табылып, анын өлүмүнө бир тууган эжеси шектелип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Кечээ, 30-июнь күнү, Ысык-Ата райондук милициясына Сары-Жон айылындагы сарайлардын биринен өлгөн киши табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө топ окуя болгон дарекке барган. Сөөктү кароо учурунда ал 36 жаштагы А.М. аттуу жаран экендиги такталып, денесинен жаракаттар байкалган.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөөнүн натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип маркумдун 39 жаштагы бир тууган эжеси А.Т. кармалган. Териштирүү учурунда каза болгон жаран 29-июнь күнү абактан бошотулуп, жакындары менен түлөө өткөрүшкөн. Эртеси күнү бир туугандар ортосунда пикир келишпестик жаралып, эжеси аны жип менен муунтуп салганы аныкталды", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.


sputnik