Жапаров Бердымухамедовго ыраазычылык кат жолдоп, Кыргызстанга чакырды

1 июля 2021 Жапаров Бердымухамедовго ыраазычылык кат жолдоп, Кыргызстанга чакырды

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча Гурбангулы Бердымухамедовго рахмат айтып, ыраазычылык кат жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров түркмөн жергесине болгон расмий сапардын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы жана кыргыз делегациясына көрсөткөн сый-урматына ыраазы болгонун белгилеген.

"Сапардын алкагында өткөн иш-чаралар, айрыкча сиз менен болгон конструктивдүү жолугушуулар кыргыз-түркмөн бир туугандык алакаларынын өнүгүүсүнүн дагы бир тарыхый тепкичи болуп калды. Ал жолугушуулардын алкагында жетишилген макулдашуулардын айрымдары тез арада иш жүзүнө ашып жатканына абдан кубанычтамын", — деп жазылган катта.

Мамлекет башчы эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк эки элдин бакубатчылыгы үчүн мындан ары дагы кеңейип, тереңдей берерине ишеним арткан.

Жапаров Бердымухамедовду Кыргызстанга өзүнө ыңгайлуу, каалаган убакта келип-кетүүгө чакырып, ага бекем ден соолук, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош Түркмөнстан элине ачык асман жана гүлдөп өнүгүүнү каалаган.


sputnik