Бишкекте доллар менен алтын кымбаттады

1 июля 2021 Бишкекте доллар менен алтын кымбаттады

Бишкекте өткөн суткага салыштырмалуу доллар менен алтындын баасы көтөрүлдү. Евро бир аз арзандап, күйүүчү май ошол бойдон калды.

Акча алмаштыруу жайларында долларды орто эсеп менен 84,6 сомдон (сатып алуу 4 тыйынга, сатуу 5 тыйынга жогорулады), еврону 99,93 (кечээ 101,56 сом болчу) сомдон сатып алууда.

Күйүүчү майдын баасы май куюучу жайларда кечээки деңгээлде кармалып турат.

"Роснефть":

  • АИ-92 — 51,2 сом;
  • АИ-95 — 54,2 сом;
  • Дизель майы — 47,1 сом.

"Газпром нефть Азия":

  • АИ-92 — 51,2 сом;
  • АИ-95 — 54,4 сом;
  • Дизель майы — 47,1 сом.

Ал эми алтындын баасы жогорулап, 1 граммы кечээки күнгө салыштырмалуу 23 сомго кымбатыраак сатылып жатат.


sputnik