Коронавирусту 1392 киши жуктуруп, 9 киши өмүрү менен кош айтышты. Статистика

1 июля 2021 Коронавирусту 1392 киши жуктуруп, 9 киши өмүрү менен кош айтышты. Статистика

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 616 бейтап айыкты, 1 392 киши жаңыдан жуктуруп, тилекке каршы, тогуз адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Сакайгандар:

  • Бишкек - ​​258;
  • Ош шаары - 112;
  • Чүй - 80;
  • Ош - 101;
  • Талас - 4;
  • Нарын - 6;
  • Ысык-Көл - 20;
  • Жалал-Абад - 19;
  • Баткен - 16.

Жалпы айыккандар 110 698 болду. Ал эми жуктургандардын саны төмөнкүчө:

  • Бишкек - ​​803;
  • Ош шаары - 78;
  • Чүй - 197;
  • Ош - 60;
  • Талас - 20;
  • Нарын - 17;
  • Ысык-Көл - 37;
  • Жалал-Абад - 97;
  • Баткен - 83.

Ушуну менен жуктургандардын саны 126 395ке жетти.

Тилекке каршы, акыры суткада оорунун айынан 9 киши өмүрү менен кош айтышты. Алардын бешөө Бишкекте, экөө Баткенде, бирөө Чүйдө, дагы бирөө Жалал-Абадда дарыланып жаткан. Пандемия жалпысынан 2009 кишинин өмүрүн алды.

Учурда стационарларда 3 553 бейтап жатат. Алардын 25инин абалы канааттандырарлык, 2337си орто, 1003ү оор жана 188и өтө оор абалда. Ал эми амбулатордук дарыланууда 9 055 бейтап бар.


sputnik