Дыйкандар суунун тартыштыгын күзүндө чечсе болот. Министрдин сунушу

1 июля 2021 Дыйкандар суунун тартыштыгын күзүндө чечсе болот. Министрдин сунушу

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков күздөгү сугаруу жана кийинки жылга жерди даярдап коюу ыкмалары тууралуу айтып берди.

Ал суунун тартыштыгы дан эгиндери менен тоютту сезилерлик азайтарын белгиледи.

"Суу көйгөйү быйыл Чүй облусуна өзгөчө таасирин тийгизди. Аймактарда өтө көп байкалган жок жана бүгүнкү күнү олуттуу көйгөйлөрдү көргөн жокпуз. Ал эми Чүйдөгү биз туш келген суу жетишсиздигинен эгин менен тоюттун 20-25 пайызынан кол жууйбуз", — деген Жаныбеков.

Ал эгерде көйгөй чыкса, келерки жылы кайрадан туш болбош үчүн андан арылуу аракетин жасаш керектигине токтолгон.

"Биздин фермерлер Советтер Союзунан бери пайдаланылып келе жаткан технологияны тереңдетип жакшы жыйынтыкка жеткен. Нымдуулукту кармап туруш үчүн айдоо алдында сугарып, тоңдурма кылып, көп жылдык чөптү сугаруу иштерин күздө жасашкан. Мындай ыкмалар жерде нымдуулукту сактап, кийинки жылдын түшүмдүүлүгү үчүн өбөлгө түзгөн. Муну менен алар келерки жаздагы сугатка үнөмдөө кылган", — деди министр.

Жаныбеков көйгөйлөрдөн алыс болуп, быйылкыдай абалда калбаш үчүн фермерлерди күздө эле айдоо жерлеринин көп аянтын сугарып алууга чакырды.

Быйыл Кыргызстандын Чүй аймагында сугат суу тартыш болуп, дыйкандар менен фермерлердин нааразылыгын жараткан. Алар эгин куурап калбашы үчүн суу тартыштыгын чечүүнү талап кылып кардиналдуу чараларга, Бишкек — Ош жолун тосууга чейин барышкан.


sputnik