Вагондон эркек баланын сөөгүн алып чыгып, андан обочороок дөбөчөгө көтөрүп барышты. Мүрзө казуу башталды. Бөлөк вагондордон да сөөктөрдү чыгарып, дал ошондой көр казышуда. Энелердин сай-сөөктү сыздаткан ыйы, адамдардын кайгы-муңу ээн талааны аралай жаңырып жатты.
"Муундан муунга өткөн өмүр чыйыры" деп аталган окуяга күбө болгондордун эскерүүлөрү топтолгон китебинен
Ушул тапта Кыргызстанда 17 миң корей жашайт. Кайсы бир кезде аларды Борбор Азияга бодо мал жүктөгөн вагондор менен ташып келишкен. Ата-бабасы ошол көчтүн ичинде болгон кыргызстандыктар бүлөсүнүн муңдуу тагдырын айтып беришти.
Кыргызстандык корейлердин көпчүлүгү Түндүк Кореянын аймагында жашашчу. 1860-жылы жарым аралда жут күчөгөн. Дал ошол убакта корейлер Приморск крайына жапырт жер которушкан.
Япониянын Кореяны жеңип алышы кырдаалды ого бетер чыңалтып, кыргындан сактаныш үчүн миңдеген качкындар Россия жана Кытайга бет алышкан.
Аталган өлкөлөрдө аларга беш гектардан жер тилкеси бөлүнгөн, жердин тартыштыгына көнүп калган корейлер үчүн бул чыныгы кенч эле! Үй-бүлөлөр жер иштетүүгө кошумча күч тартуу ниетин көздөй, балдарын үйлөнтүүгө киришкен.
Сегиз жашар уулуна бой жетип калган кызды алып беришкен. Баары талаага кетишет, жубайлар үйдө калат. Тестиер күйөө оокат кылдырбай эркелейт. Кыжыры кайнаган аялы аны чатырга ыргытат. Бала ыйлап отура берет.
Алексей Кимдин үй-бүлөсүнүн эскерүүсүнөн, "Муундан муунга өткөн өмүр чыйыры" китебинен үзүндү
Россиялык корейлер боюнча окуялар 1937-жылы курчуй баштаган. Бул учурда Советтер Союзу Япония менен согушка камынып жаткан маал эле. Алар корей көчкүндөрүнүн арасында япон тыңчылары жашырынышы ыктымал деп чочулашкан.
1937-жылдын жайында Иосиф Сталин Ыраакы Чыгыш крайынын чек арага жакын аймактарындагы корей калкын Казакстан жана Өзбекстанга көчүрүү жөнүндө жашыруун токтомго кол койгон.
Адегенде Москва бул операцияны болушунча жеңил жүргүзүүнү пландаган. Маселен, документте үй, мал жана жер үчүн компенсация төлөп берилери айтылган. Бийлик көчүрүлгөндөр үчүн дурус шарт түзүүнү буюрган. Документке ылайык, алар Советтер Союзунун аймагынан да чыгып кете алышмак... Бирок Сталиндин планы кагаз жүзүндө эле калды.
Агаларым менен эжелеримдин мүрзөсү да жок. Корейлер Азияга кантип көчүрүлгөн
Элге көч туурасында үч күн мурун кабарланган. "Топтоп туруп атат экен" деген күбүр-шыбыр тарап, адамдар кооптонуп, кымгуут түшүшкөн. Алардын ичинде кыргызстандык ишкер Вячеслав Хандын да ата-энеси бар эле.
"Апам ошол маалда 14кө, атам 17ге толгон кези экен. Алар окуя кандай болгонун айтып беришер эле. Мал ташыган вагондорго кимди кармаса, баарын жүктөшкөн. Жылчык калбай толгон. Эл жанына кичинекей түйүнчөк жана баштык гана алышы зарыл эле", — деп баяндайт Вячеслав.
Казакстан менен Өзбекстанга чейинки жолго бир ай кеткен. Жер которгондор орун жеткирүү үчүн кезек менен, ошондо да капталынан гана укташкан. Вагондор желдетилген да эмес, вагондун жылчыктарынан күзгү суук кирет.
Күбөлөр жан чыдагыс каңырсыган жытты, вагондор жуулбаган денелердин тери жана заң жыттанып турганын эскеришет.
Көчүрүлгөндөрдүн арасында майда балдар көп эле, кийинки станцияга чейин чыдабай ошо вагон ичине эле заара кылышкан. Кээде жолдо аялдар көз жарышкан, андай учурда поезддер токтошкон эмес.
Татаал тагдырга туш болгондордун айтымында, Азияга биринчи агым менен кеткендер жолдуу экен, алар үчүн азык-түлүк да кенен беленделиптир. Кийинки жол алгандар алда канча оор сыноого кабылган.
Эгин талаасы аркылуу өткөн кезектеги станцияда адамдар чуркап чыгып, чирип калган буудай дандарын жешет. Ач карындарын тойгузуу үчүн уучтап сугунушат. Мындай азыктануудан келте жана холера эпидемиясы бир топ адамдын өмүрүн алган. Алардын сөөгүн аты-жыты белгисиз майда станцияларда калтырып кете беришкен.
Валерия Ляндын үй-бүлөсүнүн эскерүүсүнөн, "Муундан муунга өткөн өмүр чыйыры" китебинен үзүндү
Күбөлөрдүн айтымында, көчтүн жүрүшүндө көбүнесе балдар чарчап, кары-картаңдар каза тапкан. Алардын баарын жерге бере алышкан эмес. Кыргызстандык Роза Ни сапарда агасы менен эжесин жоготкон.
"Кайда көмүлгөнүн да билбейм, алардын мүрзөсү да жок. Анткени станцияларда токтогон маалда эл сыртка чыгып, рельстин түбүнөн эле чуңкур казып киришкен. Поезддин кыйкырыгы угулганда, эл кайра вагондорго киришкен", — дейт Роза Ивановна.
Көчүрүлгөндөрдүн көбү аман калгандыгы үчүн темир жол боюндагы айылдардын тургундарына карыздар. Корейлер башка элдер аларга кандай боору ооруй мамиле кылганын эскерет.
Жергиликтүү жашоочулар үйлөрүнө чуркай бекер эле нан, талкан, кийим-кече, жууркан, жылуу жоолук алып келип беришкен. Мындай колдоо корейлерди кайраттандырган. Калк аларды өз мекендештери, СССРдин жарандары катары эсептешкен — бул аябай маанилүү болчу.
Павел Кимдин үй-бүлөсүнүн эскерүүсүнөн, "Муундан муунга өткөн өмүр чыйыры" китебинен үзүндү
Эч ким кайда көчүп баратканын билген эмес. Алдыда эмне күтүп жатканын да элестете алышпаган. Жалпы жонунан 171 781 киши көчүрүлгөн.
Апам таңга чыкпай турганымды атамдын кулагына шыбыраган. Азияга жайгашкандардын жашоосунан
Көчүп келген корейлердин турмушу оор эле, артта калтырган мүлкү үчүн акча да алышкан эмес, мугалимдерге айлык төлөнбөйт, колхозчулар жумушсуз, шаарда нанга болуп көрбөгөндөй кезек күтмөй. Оору күч, турак жай жагдайы да начар.
ССР Сельхозбанкынын төрагасы М.В.Выносовдун жазган катынан, 1937-жылдын 16-декабры
Көчүп келгендер үчүн үй даярдалган эмес. Айрымдарын кыштын күнү поездден талаага эле түшүрүп салышкан. Алар сууктан сактаныш үчүн жер казышкан. Кыргызстандык Тамара Нам атасынын баянын айтып берди.
"Аларды өзбек кыштактарынан анча ыраак эмес ээн талаага түшүрүшкөн. Жер казып, там салып, чатырын камыштан жабышкан. Жергиликтүү тургундар өздөрү ач отурса да, аларды таанып, тамак-аш, кийим-кече, жууркан алып келип беришкен. Себеби 1937-жыл оңой эмес кезең эле", — дейт ал.
Жер которуп келген корейлерди ысымдарынан да ажыратып, аларды орус үлгүсүндө катташкан. Педагогикалык илимдердин кандидаты, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти Стелла Пак чоң таенесинин энеси тууралуу айтып берди.
"Мен Стелла Николаевнамын. Ушул корейлердин ысымыбы? Бардык көчүрүлгөндөргө орус аттарын беришкен. Чоң таенебиздин аты Александра болчу. Ал бул атты өзү да айта алчу эмес! Анан ага өзүн Шура деп атаңыз дешкен экен. Ал эми корей тилинде "Ш" тамгасы жок эмеспи! Ошентип ал Сура атыгып калыптыр. Бизге болгону фамилиябыз гана өткөн", — деп түшүндүрөт Стелла Пак.
Борбор Азиянын табигый шарттары корейлердин жашоо мүнөзүнө төп эмес эле. Аларды кум талаага ташташкан, суу өтө тартыш. Мал чарбачылыгы менен күн кечирген көчмөндөргө ылайык жерге көнүшүү отурукташкан кореялык дыйкандарга кыйынга турду.
Дасторконго эт коюу Анатолийдин үй-бүлөсүнүн кыялындагы гана нерсе эле, андыктан алар таранчы салууга машыгышат. Ондоп кармашчу. Эми даамдуулугун айтпаңыз, этин тургай сөөктөрүн да ушундай тамшануу менен жешкен!
Анатолий Сандын үй-бүлөсүнүн эскерүүсүнөн, "Муундан муунга өткөн өмүр чыйыры" китебинен үзүндү
Мектепке жетүү үчүн корей балдар аябай ыраак жолду басып өтүшчү. Татаал шарттын кесепетинен ансыз да чабал ден соолугуна мындай жүк терс таасир эткен.
Биздин барактагы (убактылуу үйлөр) балдардын ичтери шишип, эти ысып, баары оорушкан. Бул туурасында кабардар болгон мугалимдер колхоздун медпунктуна билдиришкен. Медиктер келип, бейтаптарды көрүп, балдарды ооруканага жеткирүү керектигин айтышат.
Колхоз бизге атка чиркелген араба бөлүп берген. Балдардын артынан чоңдор да дартка чалдыгышты. Апам мага суу, сода жана кычкыл кошулмасын ичирчү. Оорум күчөп, баары мени өлүп калат деп ойлошкон. Бир ирет түндө апамдын атама менин таңга чыкпасымды шыбырап жатканын кулагым чалды. Бир бала да ажал менен алышып жатты эле, чарчап калды.
Владимир Кимдин үй-бүлөсүнүн эскерүүсүнөн, "Муундан муунга өткөн өмүр чыйыры" китебинен үзүндү
Корейлерге Сталин өлөр-өлгөнчө ал жерлерден кетүүгө тыюу салынган. Алардын жогорку билим алууга акысы жок эле, алтургай, аларды фронтко да алышкан эмес, Эмгек армиясына гана кабылдашкан. Хрущевдун заманында гана жашоо жеңилдеген.
Түндүк Кореядагы аялдарды көргөнүмдө көзүмө жаш тегеренди. Кыргызстанда корейлердин турмушу кандай?
Кыргызстандын күнөстүү жана топурагы семиз жери көп корейдин көңүлүн ээлеген. Маселен, Өзбекстандагыдай аларды окуудан калтырып пахта талаасына чыгууга мажбурлашчу эмес. Ал эми ар бир корей үй-бүлө балдарына жогорку билим берүүгө умтулган. Тажрыйбалуу дыйкандарды колхозго ишке алышкан.
"Бара-бара корейлер баарына өздөрүн эмгекчил калк катары көрсөтө алышкан. Эл дагы бизге ынанууга болорун аңдады. Азыр улут айырмачылыгы боюнча эч кандай кысым жок. Корей тилин үйрөтүүчү курстар ачылды. Ал жакка этникалык корейлер гана эмес, башка улуттар да барышат", — дейт Стелла Пак.
Ошентсе да кыргызстандык корейлер Түндүк жана Түштүк Кореянын жашоочулары бири-биринен абдан айырмаланарын моюнга алышат. Роза Ни Пхеньянга барганда ыйлаганын айтып берди.
"Жандан өткөн суукта аялдар сууну тизесине чейин кечип, арыктарды күрөк менен тазалап жүрүшөт! Аябай коркунучтуу көрүнүш! Биз деле укмуш убакта жашабасак да, андайды көрбөгөнүбүз чын. Алардын ушунчалык мээнеткечтигине таң калдым, эч кандай техникасыз эле кылымдар бою кулабаган аябагандай чоң курулуштарды тургузуп жатышат", — дейт ал.
Роза Ни алар гидге жумуртка, нан беришкенин эскерет. Кыргызстандан келген меймандарды сапар маалында атайын кызматтын кызматкерлери коштоп жүргөн.
"Пхеньянга кайсы бир алыскы кыштактан поезд келгенин көрдүм. Эл перрондо туруп алып, бут кийимдерин жууп жатты, булганган ботиңкеси менен шаар аралап жүргөндөн Кудай сактасын! Ушул нерсеге да айран-таң калдым, биз эркин жашап көнүп калганбыз го", — дейт ал.
Советтик корейлер жарым аралдын жашоочуларынын тилин түшүнө беришпейт, ошончо жылдан бери көп жаңы сөздөр кириптир. Бирок жаш корейлер Түштүк Кореяга кетип жатышканын айтат Вячеслав Хан.
"Соңку жылдары элдин агымы кескин өстү. Соңку 10 жылда Сеул бизге ишке квота бөлүп, атайын виза ачат", — дейт ал.
Кыргызстандык корейлер тарыхый мекениндеги жаңылыктарга ыклас коюп кулак салышат. Эки өлкөнүн ортосундагы ымаланын жылуу тартышын кубана кабыл алышты.
"Биз бир улутпуз, бул эки өлкө бир болууга тийиш. Ушул тапта өлкөлөрдүн биригиши тууралуу маселе көтөрүлүүдө. Бизде да ушул маселенин тегерегинде конференциялар өтүп турат, түштүк кореялык элчилик менен тыгыз иш алып барабыз", — дейт Тамара Нам.
Мезгил корей ашканасын да өзгөртпөй койгон жок. Маселен, иттин эти корейлердин нагыз тамагы болуп эсептелбейт, ал ачкачылык сүргөн өтмүшүнөн улам маданияттын бөлүгүнө айланган деп эсептейт көпчүлүк.
Мила Нимдин үй-бүлөсү Бишкектеги корей кафелерин иштетет. Анын кафеси улутуна карабай жергиликтүү тургундардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
"Корейлерде көк чөптөр аралаштырылган тамактын көптүгүнүн түпкү себебин түшүнөм. Кайсы бир кезде ата-бабаларыбыз аман калуу үчүн андай даамды да жаратууга аргасыз болушкан, каакым менен алабатаны да жешкен", — дейт ал.
Мила айымдын айтымында, иттин эти тамак гана болуп эсептелбестен, өпкө ооруларына даба катары пайдаланылган.
"Өпкөсүндө тешикчелери бар аялды тааныйм, иттин майы менен айыкты. Мен өзүм да дары ичпейм, абалым начарлаганын сезгенде эле майлуу, ысык шорпо ичип коем, эртеси жеңилдей түшөм", — дейт Мила Ним.
Расмий статистикага таянсак, Кыргызстандын аймагында 17 миң этникалык корей жашайт. Акыркы сегиз жылдан бери алардын саны жогорулаган. "Бөлөк жерге кетип эмне кылабыз? Кыргызстан — биздин үйүбүз", — дешет алар.
Булак: sputnik.kg, фото - Табылды Кадырбеков