Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү алмашты. Жаңы курамдын тизмеси

1 июля 2021 Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү алмашты. Жаңы курамдын тизмеси

Парламент Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын шайлады.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бүгүн БШК мүчөлүгүнө 12 талапкерди жактырып, парламентке алып чыкты. Жалпы жыйында алардын баары колдоо тапты.

Президенттин квотасы менен сунушталгандар:

  • Нуржан Шайлдабекова (учурдагы БШК төрайымы);
  • Марс Наспеков;
  • Анар Дубанбаева;
  • Нурлан Койчукеев;
  • Акбалык Жумалиева;
  • Айдана Жупуева.

Фракция сунуштагандар:

  • КСПД — Узарбек Жылкыбаев, өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы өкүлү;
  • "Кыргызстан" — Акылбек Эшимов, БШКнын учурдагы мүчөсү;
  • "Республика — Ата-Журт" — Кайрат Маматов, Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы;
  • "Өнүгүү — Прогресс" — Тынчтык Шайназаров, БШКнын учурдагы мүчөсү;
  • "Бир Бол" — Абдыжапар Бекматов, БШК төрайымынын орун басары;
  • "Ата Мекен" — Искендер Гайпкулов, Президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси;

Белгилей кетсек, БШК мүчөлөрүнүн мөөнөтү 25-июнда бүткөн. 


sputnik