“Таңкы 7де турбайсың!”: Кичинекей балдарынын көзүнчө мушташкан кайнене менен келиндин видеосу тарады

30 июня 2021 “Таңкы 7де турбайсың!”: Кичинекей балдарынын көзүнчө мушташкан кайнене менен келиндин видеосу тарады

Интернет айдыңында жаш балдарынын көзүнчө ызы-чуу салып кыйкырышып, кийин мушташа кетишкен кайнене менен келиндин видеосу тармак колдонуучуларынын кыжырын келтирди деп жазат kaz.nur.kz. Окуя Казакстанда болгон.

Видеодо келинин урушуп, кыйкырык салып жаткан кайненени байкоого болот. Ал келинин кайнатасына чай бербегени үчүн жана уктаганы үчүн айыптаган. “Ңртең менен эшиктин алдында кичинекей балага окшоп турат, атаң. Жетиде турбайсың, сегизде турасың. “Келин тур! Келин тур” деп бөлмөңдүн астында турат. Мурдуңдан кан кетип жатабы? Үйдөн кет”, - деп кыйкырган кайненеси. Келин да өз жообун берип жатат. Ал качан тургусу келсе, ошондо тура турганын айтып, жооп кайтарды.

Ушул аралыкта видеого тартып жаткан кайнатасы аларды жөн эле уруша бербей, мушташууга чакырган. Бул жаңжалдын баарын керебетте эки кичинекей бала карап отурат. Энеси менен келини мушташа кеткенде балдардын бири чырылдап ыйлап жиберген. Тармак колдонуучулар кичинекей балдардын көзүнчө жаман сөздөрдү айтып, кийин мушташкан эне менен келинге нараазылын билдиришкен.

ВИДЕО

“Мунун баарына эки баланын күбө болушу зээниңди кейитет. Жапайысыңырбы?”, “Келин эч кимге эч нерсе милдеттүү эмес. Эки аял ушул маселени чечип алышпайбы?”, “Эртең мененки 7де турбайсың дейт. Ал да адам эмеспи?”, “Энесинин да, келининин да акылы жок экен” деп жазышкан интернет колдонуучулар.

Аталган видео Казакстандын кайсы жеринде тартылганы белгисиз.