Усубалиев: жыныстык жол менен жукчу оорулардын көбү симптомсуз болот

30 июня 2021 Усубалиев: жыныстык жол менен жукчу оорулардын көбү симптомсуз болот

Дерматовенеролог, медицина илимдеринин доктору, доцент Мейкин Усубалиев жыныстык жол аркылуу жугуучу бактериялык оорулар адамды тукумсуздукка алып келерин айтты.

Дүйнөлүк статистикага ылайык, бир күндө бир миллионго жакын адам жыныстык жол аркылуу оору жуктуруп алат. Хламидия, гонорея, сифилис, трихомания менен ооругандар жылына 400 миллионго чукулдады. Ал эми жыныс органдарынын герпеси бир жылда 500 миллион кишиде катталган. Ошондой эле адамдын папиллома вирусу менен 300 миллион киши ооруйт. Дагы бир жылдары бир миллион кош бойлуу аял сифилис менен жабыркап, жыйынтыгында балдары жансыз төрөлгөн. Бул тууралуу Мейкин Усубалиев билдирди.

Анын айтымында, жыныстык жол менен жугуучу оорулардын көпчүлүгү симптомсуз болот, өз учурунда аныктабаса олуттуу кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.

"18 жаштан 30 жашка чейин сексуалдык жактан активдүү курак болуп саналат. Дал ушул убакта жыныстык жол менен жугуучу оору илештирип алуу кооптуулугу күч. Ал эми экинчи тепкичте 40 жаштан жогорку адамдар турат. Эркек, аял дебей бул илдеттер кишини бирдей жабыркатат. Ал эми бактериялык оорулар адамды тукумсуздукка кептейт. Бул вирус же бактериялар сырткы чөйрөдө алсыз болгондуктан оору турмуш тиричиликте колдонгон буюмдар аркылуу жугуп калган учурлар өтө чанда. Жыныстык жол менен эң көп жуккан дарт – бул хламидиоз, анан гонорея. Инфекция жуккан учурдан баштап, баштапкы клиникалык симптомдор башталганга чейин инкубациялык мезгили хламидиоздуку бир жумадан бир айга чейин, ал эми гонореяныкы 3-5 күн. Ал эркектерде тез эле өрчүп кетет. Аялдарга келсек, оору асимптоматикалык мүнөздө болот да, көп учурда алар буга маани беришпейт, бирок инфекцияны алып жүрүүчүлөр болуп саналат. Мындан тышкары, эркектерде да, аялдарда да дээрлик оору билинбеген мүнөзгө ээ болгон тымызын жыныстык инфекциялар бар. Кийин бул олуттуу кыйынчылыктарга алып келет. Андыктан кичинекей эле ыңгайсыздык сезилсе, кычышуу же башка жагымсыз белгилер пайда болсо, анда дароо доктурга кайрылышыңыз зарыл", — деди Усубалиев.

Дерматовенеролог жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларды өз алдынча дарылоонун кооптуу кесепети болорун эскертти.

sputnik