Депутат Бекешев: Башкы прокуратура "монстр" болуп кетти

30 июня 2021 Депутат Бекешев: Башкы прокуратура "монстр" болуп кетти

Башкы прокуратура "монстр" болуп кетти. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү башкы көзөмөл органы өзүнө өтө көп укуктарды ыйгарып алды деп эсептейт.

"Башкы прокуратура мыйзамды жазат, сунуштайт, бирөөнү отургузат, тергейт жана башка бир топ ыйгарым укуктары бар. Бирок адам укуктары сакталбай калды. Сиздин учурда эле УКМК канчасын камап, акча төкмөйүнчө чыгарбай жатат. Биз кайсы мамлекетте жашап калдык. Бул мыйзам долбоорлору (кодекстер) адам укуктарын сактабайт го", — деди Бекешев.

Буга башкы прокурор Курманкул Зулушев жооп берип, мыйзамды так билген адам "монстр" болбой, коркуу сезими менен иштей турганын билдирди.

"Сиз таң калбаңыз, биз кыргыз мамлекетинде жашап жатабыз. Конституцияда Башкы прокуратура менен Жогорку сотко мыйзам демилгелөө укугу керек экени белгиленди. Алдыда биз өзүбүздүн тармакта муктаж болуп жаткан мыйзамдарды сунуштайбыз. Ал эми кабыл алуу сиздердин укугуңуздар. Прокуратурада мындай укуктар буга чейин да болгон, бирок ал система талкаланып ушул абалга келдик", — деди Зулушев.

Ошондой эле ал УКМК тарабынан кармалгандардын баары шектүү катары камалганын, алардын айыбын угузуп жатканда мыйзамдуулугун кароону убадалады.



sputnik