Вице-мэр Бишкекте бир суткада 1 490 кишиден COVID табылган себебин түшүндүрдү

30 июня 2021 Вице-мэр Бишкекте бир суткада 1 490 кишиден COVID табылган себебин түшүндүрдү

Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева эмне себептен өткөн суткада 1 490 кишиден коронавирус табылганын түшүндүрдү.

Анын айтымында, лабораторияларда бир нече күндөн бери күмөн санаткан анализдер кармалып турган.

"Алардын бардыгы чогултулуп, бир күндүн статистикасына чыгып калды", — деди ал.

Вице-мэрдин айтымында, абал чындап эле оор, бирок ооруканаларда бейтаптар үчүн орун жетиштүү. Жарандарга 118 кызматы консультация берип, 34 мобилдик бригада иштеп жатат.

Эске салсак, акыркы суткада өлкө боюнча 1 965 кишиден коронавирус аныкталды. Анын ичинен 1 490у Бишкек шаарында экени белгилүү болду. Бул COVID пандемиясы башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.


sputnik