Келишимдер аткарыла баштады. Бишкекке Түркмөнстандан жүк келди. Сүрөт

30 июня 2021 Келишимдер аткарыла баштады. Бишкекке Түркмөнстандан жүк келди. Сүрөт

Кыргызстанга Түркмөнстандан Садыр Жапаровдун расмий иш сапарында сүйлөшүлгөн келишимдин алкагында жүктүн биринчи партиясы келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, 27-июнда кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда эки тараптын өнөр жай кызматкерлери менен ишкерлеринин ортосунда келишимдерге кол коюлган. Тагыраагы, 21 миллион доллардан ашык каражатка жашылча-жемиш, сантехникалык буюм жана азык-түлүктү жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.

"Мындан сырткары. кийим-кече жана бут кийим өндүрүшү, эки өлкө ишкерлери ортосунда инвестициялык ишмердүүлүктү жана импорттук-экспорттук операцияларды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык тууралуу чечим кабыл алынган. Бул макулдашуулардын алкагында 29-июнда Бишкек шаарына Түркмөнабад шаарынан жүк жүктөлгөн учак келип конду", — деп айтылат маалыматта.

Жүктү Бишкектен президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алганы айтылды.


sputnik