WhatsApp көпчүлүк күткөн дагы бир функцияны ишке киргизди

30 июня 2021 WhatsApp көпчүлүк күткөн дагы бир функцияны ишке киргизди

WhatsApp мессенджериндеги профилге бир эле учурда бир нече гаджет менен кирүү функциясы иштей баштады. Бул туурасында РИА Новости WABetainfo порталына таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, WhatsApp Web жана WhatsApp Desktop иштеп турушу үчүн башкы колдонуучу байланышта болуп турушу талап кылынбайт. Мындай режимде бир аккаунтка беш гаджет менен кирип колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Башкача айтканда, Tеlegram мессенджери сыяктуу болуп калат.

Ошондой эле аталган функцияны колдонуп жаткан ар бир гаджеттеги маалымат WhatsApp алгоритминин негизинде шифр менен корголору белгиленди.

Азырынча бул опция Android жана 2.21.14.1 номериндеги бета-версиясында иштеп жатат. Жакын арада баарына жеткиликтүү болору айтылды.


sputnik