Вакцинаны жарым жылда бир сайдырып туруу керектиги айтылды

30 июня 2021 Вакцинаны жарым жылда бир сайдырып туруу керектиги айтылды

Пандемия маалында коронавируска каршы вакцинаны алты ай сайын алуу керек. Бул тууралуу Роспотребнадзордун алдындагы Эпидемиология борборунун илим-изилдөө институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, профессор Александр Горелов билдиргенин РИА Новости билдирди.

"Оору дүйнөдө жайылып турганда антилелонун деңгээлине карабастан ар жарым жыл сайын эмдөөдөн өтүп турушубуз керек", — деген Горелов "Россия сегодня" агенттигинин пресс-борборунда өткөн жыйынында.

Былтыр августта Россия дүйнөдө биринчи жолу коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын чыгарган. Андан кийин "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" препараттары чыгарылса, жакында эле "Спутник Лайт" вакцинасы каттоого алынды.


sputnik