Диетологдор COVID-19дан айыккандар үчүн эң пайдалуу азыктарды атады

29 июня 2021 Диетологдор  COVID-19дан айыккандар үчүн эң пайдалуу азыктарды атады

Диетолог Прити Тяги жаңы коронавирус инфекциясынан айыккандарга татаал углеводдорду, мисалы дан азыктарын колдонууга кеңеш берет. Аны менен катар, йогуртту көп ичип, туздалган бадыраң жана бурчак жеш керек дейт. Мунун баары, анын пикиринде, ичегинин микрофлорасынын калыбына келишине жана иммундук системаны бекемдөөгө жардам берет.

Ошондой эле, доктор Тяги эртең мененки тамакка омега-3 поликаныкпаган май кычкылдарына бай жаңгак, бадам, ашкабактын данегин жегенди сунуштайт. Бул оорудан кийин организмдин калыбына келүүсүнө жардам берет. Жаңгактар цинкке, селенге, белокко жана В тобунбагы витаминдерге бай болгондуктан, алсыз организмди калыбына келтирүүдө маанилүү роль ойнойт.

Доктор Рохани Патил оорудан кийин кадимкидей тамактанууга дароо өтпөш керек дейт. Патил күнүнө 8-9 саат уктагыла деп кеңеш берет, уйку оорудан кийинки иммундук системаны калыбына келтирет.

Дарыгер суюктукту көп ичүүгө жана физикалык жумуштан, стресстен алыс болууга кеңеш берет. Денедеги табигый суу балансын калыбына келтирүү үчүн алча жана райхан кошулган суу ичүүнү сунуштайт.