Британиялык миллионердин кызы Жаңы Зеландияда киши колдуу болду

11 декабря 2018 Британиялык миллионердин кызы Жаңы Зеландияда киши колдуу болду

Өлкөнүн премьер-министри кыздын туугандарынан кечирим сурады.

 Жаңы Зеландияда британиялык миллионердин кызынын сөөгү табылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилүү болгондой, 22 жаштагы Грейс Миллейн Окленддеги туристтик лагерде жашап жүргөн. Ал 4-декабрда дайынсыз жоголуп, 9-декабрда сөөгү табылган.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн жума сайын өтүүчү өкмөттүк брифинг учурунда Миллейндин үй-бүлөсүнөн кечирим сурады.

"Биздин мамлекетте кызыңыздардын коопсуздугу сакталышы керек эле, бирок андай болбой калды. Баарыңыздардан кечирим сурайм. Мен жарандар менен сүйлөштүм, алар мындай жаман окуя биздин мамлекетте болгонуна катуу уялып жатышат", — деди көзүнө жаш алган Ардерн.

Кыздын жоголуп кетиши боюнча 26 жаштагы киши камакка алынган. Дүйшөмбү күнү ага адам өлтүрүү фактысы боюнча айып тагылды. Алдын-ала маалыматтар боюнча Грейс шектүү менен Tinder сайтынан таанышкан.



Дагы: sputnik.kg, фото © AFP 2018 / MARTY MELVILLE