Акча менен доссузбу? (психологиялык тест)

29 июня 2021 Акча менен доссузбу? (психологиялык тест)

Бул психологиялык тест акчага байланыштуу. Сүрөттү карап, тыйындардын бирин тандаңыз. Эми жообун төмөндөн окуңуз.

1-сүрөт

Совет учурундагы монетаны тандадыңыз. Ал максатка жетүү үчүн өтө көп эмгек кыласыз дегендин белгиси. Сиздики – чыныгы адал эмгек. Белгиленген убакыттан көп иштейсиз, бирок аны милдет кылбайсыз. Көп акча табуу үчүн тынбай иштеш керек деп ойлойсуз. Колдо барына шүгүр кылып, көнүп калган ишиңизди таштап кете албайсыз. Мындай адамдардын туруктуу орто кирешеси бар, ошого каниет кылышат. Эгер кирешеңиз артсын десеңиз, эшектей иштегендер гана миллиондоп акча табат деген ойдон арылыңыз. Күнүнө жыйырма саат иштегендер деле, төрт саат иштегендер деле бирдей акча табышы мүмкүн.

2-сүрөт

Каржылык жактан алганда өтө жакшы тандоо болду. Жакын арада күтпөгөн жерден көп акчалуу болосуз. Тагдырдын белегинен баш тартпай, бар мүмкүнчүлүктү пайдаланыңыз. Адал эмгекти да назар сыртында калтырбаңыз.

3-сүрөт

Финансы жактан каалагандай өмүр сүрүү үчүн бир аз болсо да аракет кылып, иштеш керек экенин жакшы билесиз. Бул оюңузга аракетиңиз далил. Жасаган жумушуңузга ылайык татыктуу акча алуу керек деп эсептейсиз. Алдыда акча табууңуз эки эсе көбөйөт. Бирок, бул дем албай иштей берүү деген сөз эмес.

4-сүрөт

Жакынкы күндөрү көп акча табууга даяр болуңуз. Сиз киреше магнити экениңизди түшүнүңүз. Лотереядан чоң утушка же мураска ээ болушуңуз мүмкүн. Неси болсо да, тагдырдын тартуусунан баш тартпаңыз.