Мас болуп жыныстык катнашка баргандар 7 ката кетиришет

29 июня 2021 Мас болуп жыныстык катнашка баргандар 7 ката кетиришет

Эң жаманы эртеңки күнү эмне болгонун түшүнбөй калуу...

Ичимдик ден соолук үчүн эле эмес, уктоочу бөлмөдө да зыянын тийгизет. Адамдар кээде “баатырдык үчүн” же маанай көтөрүү үчүн ичип алышат. Бирок, төшөк жаатына келгенде ичпей эле койгон туура. Ырас, көңүл көтөрүүгө, ойду ачык айтууга оң таасирин тийгизет. Антсе да, аягы жакшы болбой турган 7 абал капарга ала жүргөн жакшы.

Оргазм алуу кыйындайт

Мас абалда жыныстык катнаш менен алектенгендердин аракети адаттагыдан узакка созулат. Жай күнү оргазмды оңой менен сезбегендер, мас абалында ал тууралуу ойлонбой эле койсо болот. Ооба, рахат алышыңыз мүмкүн. Ал жөн гана денени аймалоодон алган рахат болот. Ал эми жыныстык катнаш ойдогудай болушу башка маселе.

Мас кезде “ар түрдүү” жоруктар көп болот

Ашыкча ичилген ичимдик баарынан мурун адамдын маанайынан белгилүү болот. Кээ бир кыз-келиндер өздөрүн актриса же модель сезип, жаңы “кейипкерлер” ойгонушу мүмкүн. Мындай “кейипкерлер” жыныстык катнаш учурунда “ойгонуп кетсе” арты жакшылыкка алып барбайт. Уят эле болушат. Ошондуктан, ичимдик ичкенде мүмкүн болсо жубайыңыздан бөлөк жатып, жыныстык катнаш тууралуу ойлобогонуңуз дурус.

Эрекция кыйын болушу мүмкүн

Бул эркектерге тиешелүү. Жубайынын алдында ыңгайсыз абалда калбаш үчүн эркектер мас абалында уктай тургна бөлмөгө жатпай эле коюш керек. Ооба, ичимдик ичкенде адамдын денесинде жыныстык катнаш деген каалоо ойгонот. Бирок, аны ойдогудай ишке ашыруу бардык эле эркектерде боло бербейт. Анткени, ичимдик нерв системасына таасирин тийгизет.

Мас кезде бөлөк менен...

Бул да чындык. Мас абалында элирип ката кетиргендер четтен чыгат. Эртең менен башка бирөөнүн төшөгүндө, тааныбаган адамдын кучагында ойгонуп, далай көз жаш төгүп, өкүнгөндөр бар.

Ашыкча сүйлөп салуу

Кээде күйөөң же аялың эмес, өзүңө өзүң айтпай турган сөздөр бар. Мына ушундай купуя сырларды ушул ичимдик оңой эле ачып салат. Мунун арты жакшылыкка алып барбайт экени баарына маалым.

Эң жаманы...

Мас абалында жыныстык катнашка барып – эмне болгонун билбей калуу. Эртең менен түнкү жыргалдан эстей турган эч нерсе калбайт. Анан “болдубу, болбодубу, кандай болду?” деп өзүңдү ыңгайсыз сезгениң...

Бойго бүтүп калуу...

Албетте, кош бойлуулук абдан жакшы сезим. Бирок, ал каалоосуз, орунсуз болсочу? Анын жыйынтыгы бойдон алдыруу болобу? Ошондуктан, мас абалындагы жакындык эртеңки күнү өкүнбөй тургандай болушу керек.