“Сиңдимден кызганамын”: Жаш келин өмүр бою кызганыч менен өтүүгө аргасыз экенин айтты

28 июня 2021 “Сиңдимден кызганамын”: Жаш келин өмүр бою кызганыч менен өтүүгө аргасыз экенин айтты

Жанара аттуу жаш келиндин айтымында, эми өмүр бою кызганыч менен жашайт. Себеби, беш жыл бою сүйлөшүп жүргөн жигити менен кол үзүп, эки ай өтпөй башкага турмушка чыгып кеткен. Ал эми жигити анын бир тууган сиңдисине үйлөнүп алган. Тагдыры тегирмендин ташына түшкөн Жанара өз окуясы менен бөлүштү.

- Беш жыл деген аз убакыт эмес. Биз тууралуу үй-бүлөбүз гана эмес, урук-туугандын баары билет эле. Бирок, тагдырыбыз башка нукка бурулду. Ал менден өч алуу үчүн сиңдиме үйлөнүп алган сыяктуу. Мен да экөөн бирге көрсөм ичим күйүп, кызганып кетем. Ошондуктан, башка жакка көчүп кетким келет, - дейт.

Мурунку жигитин кызганган келин күйөөсүн башка жакка көчүп кетүүгө үгүттөп жүргөнүн да жашырган жок.

- Беш жыл бою анын жанында болдум, бизнесин түптөөгө да жардам бердим. Эмне иш болсо да, бирге жасадык. Ооба, мен аны катуу сүйдүм... Азыр да сүйөм. Эми алардан алыс жакта өмүр сүргүм келет, ошондо жеңилирээк болор, балким?!

Биздин таарынышып кетүүбүзгө анын телефонуна чала берген жаш кыз себеп болду. Балким, бизди ажыраткысы келгендир. Бир күнү экөөбүз бирге отурган кезде анын телефонуна келген сүрөт менин жанымды чыгарды. Жигитим бикини кийген кыз менен кучакташып сүрөткө түшүптүр. Мен анын түшүндүрүп берем дегенин уккум келген жок. Анын айтымында, сүрөттөгү кыз жарнама жасаган моделдердин бири жана ал бир жыл мурун ишкерлердин жолугушуусунда болгон экен.

Мен ага ишенген жокмун. Бири-бирибизге жаман сөздөрдү айттык. Ага катуу тийгени кафеде отуруп колумдагы суусундукту анын бетине чачып жибергеним болду. Ал менин сумкамды жерге ыргытып жиберди да кетип калды. Мен ачуусу тарап кайтып келер деп ойлогом, бирок ал келген жок. Телефонун да өчүрүп салыптыр. Сынган бокал менен эсепти өзүм төлөп, эртеси айылга кетип калдым. Анын телефон номерин блоктоп, такыр сүйлөшпөй койдум. Кийинчерээк ал социалдык баракчаларына түрдүү кыздар менен кечелерде отурган сүрөттөрүн жүктөп, менин жинимди келтире баштады. Мен да сезимин билдирип жүргөн жигит менен сүйлөшө баштадым.

Ошентип, биздин махабатыбыз болбогон жерден кыйрады. Ачуум менен колумду сураган жигитке “макул” деп, шакек салган сүрөтүн мен да жарыялап салдым. Ошол күнү телефон чалып, билдирүү жазды, жооп берген жокмун. Ал мени издеген сайын бой көтөрө бердим. Ошол учурда ал мектепти былтыр бүткөн сиңдиме келип, бардык өкүнүчүн айтып жүрүптүр. Эки айдан кийин мен турмушка чыгып кеттим.

Мурункунун баарын артта калтырдым деп ойлогом. Жарым жыл өтпөй мен сүйгөн жигитке сиңдим турмушка чыгып кетти. Өзүмдү коёрго жер таппай, жаздыгымды көлдөттүм. Жумушту шылтоолоп, тойго барган жокпуз. Сиңдим менен телефон чалуума такыр жооп бербей койду. Кийин туугандар жолукканда үйгө кире албай, аргасыз жылмайып жатканымды баары билип турушту. Болгону күйөөм гана эч нерсе билбейт эле.

Сиңдим менин бетиме карай алган жок, а эми “күйөө бала” ансайын мага көрсөтүп келинчегин кучактайт. Курсагымдагы бала болбогондо ошол күнү баарын таштап качып кетким келди. Ал кечеден ооруп кайтып, эртеси ооруканага түшүп калдым. Мага эмне болгонун билем да, бирок күйөөм менен ата-энемдин чуркап жүргөнүн көрүп, өзүмдү өзүм жек көрүп кеттим. Мурунку жигитимди сиңдимден өлгөнчө кызганып жаттым...

Азыр балалуу болдук, андан бери бир жылдан ашык убакыт өттү. Бирок, азыр үй-бүлөбүз чогулган жерге барбайм. Аларды бирге көрсөм жүрөгүм сыздайт, ичим таарыйт. Алар да жакында балалуу болушту. Өзүмдүн алым жетер эмес, ойлобоюн десем да болбой эле өзүмө сыйбай кетем. Бул кызганыч мени жеп бүтөт сыяктуу. Ал эми күйөөм эч нерседен кабарсыз...