Онколог рактын дарыны тоготпогон түрлөрүн атады

28 июня 2021 Онколог рактын дарыны тоготпогон түрлөрүн атады

Химиотерапевт Андрей Базылев онкологиялык илдеттердин эң эле агрессивдүү түрлөрүн санап берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Аларды атоодо дарыгер залалдуу шишиктин дары-дармекке баш ийбеген түрлөрүнө артыкчылык берген.

"Рактын айрым түрлөрү өзүнө каршы препараттарга өтө бат көнүшөт дагы, тоготпой калышат. Алардын катарына уйку бездин, өттүн, боордун рагы кирет", — деди Базылев.

Ошондой эле бул тизмеге онколог ашказан рагын дагы кошуп, бирок технологиялар өнүккөн сайын аны дарылоо жеңилдеп келе жатканын айтты.

Анткен менен адис жогоруда саналып өткөн рактын түрлөрү айрым учурларда организмдин өзгөчөлүгүнө жараша жеңилирээк формада дагы болорун билдирди.


sputnik