Салт-санаанын да өзүнүн жол-жобосу менен жоопкерчилиги бар. Салтка келгенде коомдо карама-каршы пикирлер көп айтылат. Бирөө колдосо, экинчиси эскиргенин, бүгүнкү заманга шайкеш келбегенин айтышат.
Кеминден болом деген Сабира ысымдуу аял өзүнүн ката иш кылганын айтып өкүндү. Ал уулун бир тууган эжесинин кызына үйлөндүргөн.
“Мындай болорун ким билиптир... Азыр эжем менен катышпайбыз. Уулум турмушуна ичинен мени күнөөлөйт экенин сезем. Келиним уулум менен ажырашкандан кийин алты ай өтпөй бойдок, үйлөнбөгөн жигитке турмушка чыгып кеткени балама оор тийди ойшойт, дароо Россияга кетип калды”, - дейт ичиндеги кайгысын айткан ане.
Эже-сиңдилер бала күнүнөн бери бир өсүшкөн. Өздөрү бала-чакалуу болгондо сөөк жаңыртмак болушат.
- Балдар кичинекей кезинде жөн гана тамашалап койчубуз. Чоңоюп, көзгө көрүнө баштаганда эжемдин үчүнчү кызына көңүлүм түшүп калды. Ошол созулган кызды экинчи уулума алып бергим келди. Салт боюнча кудалаштык. Уулумдун бир аз кылчактап: “Апа, ал сиз ойлогондой эмес сыяктуу” дегенине карабай, сөз сүйлөтпөй, үйлөп таштаган элем. Ошондо бекер уксам болмок экен.
Чоң уулум менен келиним шаарда иштешкендиктен, үйлөнгөн соң үйдө бир айдай эле турушкан. Ошондо келин жумшайм деген кыялым орундалбай калган эле. Көрсө созулган келинимдин өнөрү күч экен. “Мен бул үйгө келин эмес, кызмын” деп жоолук салбай койду. Жок дегенде аксакалдарга сый көрсөтүүгө араң көндүрдүм. Бирок, элдин келиндери сыяктуу кызмат кылгысы келген жок.
“Мейли, үйдөгү иш өзүмдөн деле артпайт го” деген менин сөзүмө уулум көнгүсү келбеди. Үйдөгү майда-барат иштен экөө урушпасын деп тилеп жүрдүм. Бирок, балам менен келиним тил табыша алган жок. Бат эле ажырашабыз деп чыгышты.
Болбогон нерседен уруш чыгарып, келиним үйүнө кетти да келбей койду. Баламды артынан барып алып кел десем, көнбөй койдум. “Уруп-соккон жокмун, кет деп да айткан жокмун, өзү келсин” деп отуруп алды. Өзүм алып келейин деп барганда эжем көңүлдөнбөй “кызым өзү чечсин” деп келинди алдыма салып берген жок. Ошентип, экөө ажырашып кетти. Канча аракет кылсам да майнап чыкпай, уулумдун үй-бүлөсүн сактап кала албадым. Өкүнүч өзөгүмдү өрттөдү. Баарына өзүмдү күнөөлүү сездим.
Мүмкүн баары унутулуп кетер беле, эгер кеткен келиним ажырашкан соң, алты ай өтпөй бойдок жигитке турмушка чыгып кетпедиби?! Адамдын оюна ар нерсе келет экен. Ошондо келиним кайсы убакта таанышып, жолугуп үлгүргөн? Биринчи курган турмушу оңунан чыкпай, аны жыйынтыктап бүтө албай жатып, экинчисине дароо турмушка чыгып кеткени кандайча?
“Апа, көрдүңүзбү? Мен айттым эле го сизге керек эмес деп...” деген уулум эки-үч күндө жыйналып эле, Россияга кетип калды. Анын элге сөз, күлкү болгусу келбегенин, алыска кетип, баарын унутуп, жаңы өмүр баштагысы келгенин түшүндүм. Өзүмдүн каталыгым үчүн бармак тиштеп өкүндүм. Баламды ушундай кыйын абалга туш кылганым үчүн өзүмдү дагы деле кечире албай келем...
Муну айткан эне балдарды күчкө салып үйлөндүрүп, туура эмес кылганына кейийт. Анын айтымында, жаштарга эркиндик берип, колдоо гана керек дейт.