Муфтият Курман айттын болжолдуу датасын айтты

14 июня 2021 Муфтият Курман айттын болжолдуу датасын айтты

Быйыл Кыргызстанда Курман айт 20 же 21-июлга туура келет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, так дата бир жума калганда айтылат. Айт намазын аянттарда окууга чектөө коюлар-коюлбасы дагы ошондо чечилет.

Орозо айт быйыл 13-майда белгиленген. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам айт намаз аянттарда эмес, мечиттерде гана окулган. Курман айт адатта орозо аяктагандан 70 күндөн кийин белгиленет.


sputnik