Жүрөктү түшүрөт! Бишкек — Ош жолунда фура жеңил унааны коюп кете жаздаган видео

14 июня 2021 Жүрөктү түшүрөт! Бишкек — Ош жолунда фура жеңил унааны коюп кете жаздаган видео

Бишкек — Ош унаа жолунда жүк ташуучу автоунаа жеңил унааны коюп кете жаздады.

Жүрөк үшүн алган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды. Анда окуя 11-июнь күнү саат 17:00дө болгону жазылат.

ВИДЕО

Видеодон жүк ташуучу унаа каршы тилкеге чыга калганын, аны көргөн жеңил унаадагылар коркуп кеткенин байкоого болот. Видеонун автору ИИМге айдоочуну таап, жазасын берүүнү өтүнгөн.

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов окуя көзөмөлгө алынганын жана такталып жатканын билдирди. Толук маалымат кийинчерээк берилери убадаланды.


sputnik